top of page

74 results found with an empty search

  • ЧТО ДЕЛАЮТ БАХАИ | bahai-kyrgyzstan

    БАХАИЛЕР ЭМНЕ КЫЛЫШАТ Бахаилер коомдук жашоого активдүү катышып, дүйнөнү жакшыртууга багытталган социалдык ишмердүүлүк менен алектенет. Алар бардык курактагы адамдар үчүн билим берүү программаларын уюштурушат, руханий жана интеллектуалдык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жардам беришет, ошондой эле өз коомдорундагы актуалдуу маселелерди чечүүгө аракет кылышат. Бахаи кызмат өтөөнүн маанилүүлүгүнө ишенишет жана ар бир катышуучу коомго пайдалуу боло турган көндүмдөрдү үйрөнүүгө умтулат. Алар экологияны коргоо, санитардык шарттарды жакшыртуу жана башка маанилүү социалдык демилгелерди жүзөгө ашыруу боюнча долбоорлорду демилгелешет. Бул аракеттер кызматташуу жана өз ара жардамдашуу духунда жүргүзүлүп, адамдар менен коомдордун потенциалын ачууга жана туруктуу өзгөрүүлөрдү жаратууга багытталган. ДЕТСКИЕ КЛАССЫ ПОДРОСТКОВЫЕ ГРУППЫ Программа нравственно-духовного образования для детей, разработанная общиной бахаи, основывается на глубоких ценностях и подходах, направленных на развитие личности и духовных качеств ребенка... МОЛОДЁЖЬ Молодежь, вдохновленная учением Бахауллы, осознает, что её энергия может быть направлена на преобразование общества. Юные люди стремятся внести свой вклад в улучшение мира, независимо от социального положения. МОЛИТВЕННЫЕ ВСТРЕЧИ Для бахаи естественной практикой является совместное чтение молитв с соседями и СОЦИАЛЬНЫЕ ДЕЙСТВИЯ Бахаи активно участвуют в социальной деятельности, направленной на содействие социальному и материальному прогрессу людей из всех слоев общества, независимо от их убеждений и происхождения. УЧАСТИЕ В ДИСКУРСАХ

  • МОЛИТВЕННЫЕ ВСТРЕЧИ | bahai-kyrgyzstan

    Жаштар ДУБА ОКУУ ЖЫЙЫНДАРЫ Социалдык иштер Бахаилердин түшүнүгүндө дуба – руханий колдоо жана өсүү үчүн зарыл нерсе. Дуба аркылуу адам Жаратканды даңазалап, Ага болгон сүйүүсүн билдирип, жардам сурайт. Бахаилер үчүн дубаны күн сайын окуу табигый адат болуп саналат. Бахаилер коңшулары жана достору менен чогуу дуба окууну көнүмүш адат катары көрүшөт. Дуба жыйындары адатта ишенимдеги адамдардын үйлөрүндө өтүп, дубаларды жана Ыйык Жазмалардан үзүндүлөрдү окуу менен коштолот. Бул жыйындар тынчтык жана урмат-сый атмосферасында өтүп, көп учурда музыка жана ырлар менен коштолот. Музыка руханий абалды ого бетер көтөрөт. Мындай жыйындарда белгилүү бир ритуалдар же өзгөчө кызмат өтөгөн адамдар жок. Алар адамдарды, алардын динине же коомдук статусуна карабастан, биримдик жана гармония рухунда бириктирет. «Толук макулдукта жана кубаныч менен чогулуп, Мээримдүү Теңир тарабынан жиберилген аяттарды окугула. Эгер ушул жолду тандасаңар, чыныгы билимдин эшиктери көз алдыңарда ачылат, ишеним рухуңарды чыңдайт, жүрөгүңөр нурлуу кубанычка толот». — Бахаулла

  • САМОСТОЯТЕЛЬНЫЙ ПОИСК ИСТИНЫ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Акыйкатты Өз алдынча Изилдөө Бахаи дининин негизги принциптеринин бири — акыйкатты көз карандысыз изилдөө, башкача айтканда, чындыкты өз алдынча издөө. Ар бир адам мындай изденүүгө жеке өзү киришүүгө тийиш — дал ушундай изденүү адамзатты сокур ишенимден жана сокур ээрчүүдөн чыгара алат. «Акыйкат бирөө гана жана бөлүнбөс. Элдердин ортосундагы келишпестиктер — бул алардын жаңылыш ойлорго карманып калгандыгынан келип чыгат. Эгер адамдар чындыкты издешсе, алар биримдикке жол табышмак». — Бахаулла Бахаулланын айтымында, Кудай ар бир адамга акыйкатты таанып, аны кабыл ала алышы үчүн аң-сезим берген. Ал бизге чындыкты угуш үчүн кулак, аны түшүнүш үчүн акыл тартуулаган. Абдул-Баха баса белгилегендей: акыйкатты көз карандысыз издөө — бул ата-бабалардын баскан жолун сокур ээрчибешибиз керек дегенди билдирет. Башкалар түшүнгөн чындыкка гана таянууга да болбойт. Башкалардын ишенимдерин сокур ээрчүү — акыл-эсти жабыркатат, наадандыкка алып келет жана адашууга, көңүл калууга себеп болот. Сиз өзүңүздүн ынанымдарыңызга, ишенимиңизге, жашоого болгон түшүнүгүңүзгө кантип келдиңиз? Бул көбүнчө чындык деп кабылдаган нерсеге акылыбыз, жүрөгүбүз жана жаныбыз менен жооп бергенде болот. Мындай тажрыйба, адатта, ой жүгүртүү, жеке сезимдер, изилдөө жана баарлашуу аркылуу калыптанат. Бирок сиз өзүңүз аңдап-түшүнгөн жана сезген чындык гана аң-сезимиңизге чындап тамыр жая алат. Бахаи окуусунда ар бир адамдан коркпостон, бирок момундук менен Акыйкатты издөө талап кылынат. Бул жолдо кыйынчылыктар бар, бирок белгилүү шарттарды сактоо менен чындыкка жакындаса болот: Көз карашыбызды тазалап, адашуунун көшөгөсүн ачуу Башкаларды сокур ээрчүү менен тууроо өнөкөтүн жок кылуу Өзүмчүл кумар каалоолордун кабылдообузду көшөгө сымал жаап калуусуна жол б Акылга сыярлык жана негиздүү далилдерге таянуу Сөздөрдүн сырткы мааниси менен гана чектелбей, алардын руханий маңызын түшүнүүгө умтулуу Өз акылыбызга жана ой жүгүртүүбүзгө таянуу Түркөйлүктөн, сенек ынанымдардан жана куру кыялдын торунан бошонуу Тынымсыз аракет менен эмгектенүү Акыйкатты таануу жөндөмүбүздү өнүктүрүү жана ойготуу Дүйнө элдерине болгон сүйүү же жек көрүү сезиминен арылуу — анткени Акыйкат улуттук, диний жана маданий чек аралардан жогору турат Бул жолдо бизге өзгөчө керек болгон сапаттар — чыдамкайлык, байланбастык, адилеттүүлүк, калыстык, жүрөктүн жана ойлордун тазалыгы, туруктуулук. Дал ушул касиеттер Акыйкатты издөө жолунда бизге жол көрсөтүп, ички күчүбүздү сактоого жардам берет.

  • ГАРМОНИЯ РЕЛИГИИ И НАУКИ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Дин менен Илимдин Биримдиги «Чыныгы дин менен илимдин ортосунда карама-каршылык жок. Эгер дин илимге каршы турса — ал жөн гана сенек ынанымга айланат, анткени билимге карама-каршы келген нерсе — бул түркөйлүк... Эгер адам диндин канаты менен гана учууга аракет кылса, ал тез эле фанатизм менен ырым-жырымдардын баткагына батат. Ал эми илимдин канаты менен жалгыз учууга аракет кылса — ал материализмдин тумчуктурган сазына түшөт». — Абдул-Баха Чыныгы дин менен илим бири-бирине каршы эмес. Эгер дин илимге каршы турса — ал түркөйлүк болот. Илим тарабынан далилденген чындыкты четке кагууга болбойт. Акылга каршы келген ишеним — бул чыныгы ишеним эмес, жаңылыш ой. Чыныгы диндердин принциптери илимий ачылыштар менен шайкеш келет. Бир Кудайдын бар экендиги — логикалуу, илимге каршы келбейт. Бардык диндер жакшылык кылууга, чынчылдыкка, ак ниеттүүлүккө, мыйзамдарга баш ийүүгө үйрөтөт. Бул акылга сыярлык жана адамзаттын өнүгүшүнүн жападан жалгыз логикалуу жолу. Бардык диний мыйзамдар — акыл-эс менен аң-сезимге шайкеш келет. Алар ар бир доордогу адамзаттын өнүгүү деңгээлине жараша берилет. Дин эки бөлүктөн турат: Руханий бөлүгү — өзгөрбөйт. Бардык Пайгамбарлар бир эле акыйкаттын үйрөтүп, бирдей руханий мыйзамдарды киргизишкен. Алардын моралдык окууулары туруктуу жана жалпыга бирдей. Акыйкат бирөө гана, ал бөлүнбөйт, күн өз нурун адамдардын акыл-эсин нурландыруу үчүн нурун чачат – анын жарыгы дайыма бирдей. Практикалык бөлүгү — дооруна жараша өзгөрүп турат: салттар, мыйзамдар, жазалар. Мисалы, Мусанын учурунда уурулук үчүн кол кесишчү, азыр андай жаза жок. Дагы бир мисал — бүгүн атасын каргаган адам өлүм жазасына тартылбайт. Демек, руханий мыйзамдар туруктуу, практикалык жоболор — убакытка ылайыкташып өзгөрөт. Диндин руханий бөлүгү эң маанилүү жана бийик: ал өткөндө да, азыр да, келечекте да өзгөрбөйт. Ар бир диндин моралдык негизин дал ушул түбөлүктүү чындык түзөт. Эгер дин акылга туура келбесе — ал дин боло албайт, салтка айланат. Дин менен илим адамзаттын өнүгүүсүнүн эки канаты: бири руханий көтөрүлүшкө жардам берет, экинчиси дүйнөнү аңдап-билүүгө шарт түзөт. Эки канат менен гана уча аласың; бирөөсү менен учууга аракет кылсаң — же фанатизмдин сазына түшөсүң (эгер дин жалгыз болсо), же материализмге батасың (эгер илим жалгыз болсо). Көптөгөн диндер бүгүн салт менен ырым-жырым деңгээлине чейин түшүп калды. Бул алардын чыныгы маңызына жана заманбап ачылыштарга каршы келет. Айрым диний жетекчилер догмалар менен салттарды сактоону гана маанилүү деп эсептешет. Натыйжада дин формалдуулукка айланып, ички маңыз жоголот. Формалар ар кандай болгондуктан, алар диндер ортосунда келишпестиктерге жана жек көрүүгө себеп болот. Ошентип, дин менен илим ортосунда карама-каршылык бар деген жаңылыш пикир пайда болот. Бул жаңылыштык. Илимдин жарыгы диндин жолун жарык кылышы керек. Дин илим менен бирге жүргөндө — кастык менен келишпестиктер жоголот; адамзат Кудайдын Сүйүүсүнүн күчү менен биригет. Адамды башка жаратылыштардан айырмалаган нерсе эмне? Бул акыл-эс! Биз бул акылды акыйкатты изилдөө үчүн колдонушубуз керек. Бардык нерсени акыл менен калчоо маанилүү: эгер бир нерсе илимге шайкеш келсе — чындык деп кабыл ал, эгер каршы келсе — түркөйлүк деп четке как. Бүгүнкү дүйнөгө көз чаптырып көрсөк: сенек ынанымдар менен жөрөлгөлөргө толгон, адамдар куру кыялдан жаралган кудайларга же табияттын объектилерине сыйынышат — күнгө, даракка, ташка, кээде деңизге же чаңга. Кээде Кудайга сыйынуу жалаң гана ырым-жырым менен жөрөлгөгө айланып, улам кайталана берип чарчатат. Айрым адамдар акыл-эси толук өнүкпөгөндүктөн, диндеги терең маанилерди түшүнө албайт. Бирок бул — диндеги чыныгы күчтү жокко чыгарбашы керек. Кичинекей бала белгилүү бир куракка чейин табияттын мыйзамдарын түшүнбөгөн сыяктуу эле, чоңдор да руханий чындыктарды акылы өнүккөн сайын гана түшүнө алат. Кудай илим менен динди — дүйнөнү таануу үчүн адамзатка берген курал катары жараткан. Аларды эч качан четке какпагыла! Ишенимди баалоо үчүн акыл-эсти колдонуу керек: эгер ишеним чындыкка туура келсе — кабыл ал, туура келбесе — четке как. Айланага көп чаптырып көргүлөчү, көптөр куру кыялдан чыккан кудайларга же идолдорго сыйынып жатышат. Бирок чыныгы Жаратуучу — көрүнбөс жана чексиз. Ага болгон сыйынуу — жаң дүйнөдөн чыгып жана чын ыкластан болушу керек. Дин илимге карама-каршы боло албайт. Эгер азыр акыл-эс күчү чабал болуп же Акыйкатты түшүнө алгындай деңгээлде өнүкпөгөн болсо да, убакыттын өтүшү менен аң-сезим ойгонуп, жаңы билимдерге жете алат. Дин сенек ынанымдардан бошонуп, илим менен шайкеш болгондо — ал адамзатты бириктирген улуу күчкө айланат. Кудайдын Сүйүүсү аркылуу согуштарды жана касташууларды жоготуп, дүйнө жүзүнө тынчтык менен гармония тартуулайт.

  • ДЕТСКИЕ КЛАССЫ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи эмне кылышат БАЛДАР КЛАССЫ Өспүрүмдөр топтор Бахаи жамааты тарабынан иштелип чыккан балдар үчүн адеп-ахлактык жана руханий билим берүү программасы терең баалуулуктарга жана инсандык сапаттарды өнүктүрүүгө багытталган методдорго негизделет. Максаты – баланын руханий жана адеп-ахлактык касиеттерин тарбиялоо. Бахаилер үй-бүлөнү коомдун негизи жана адамдын биринчи тарбия алуу чөйрөсү катары карашат. Дал ушул үй-бүлөдө баланын мүнөзү калыптанып, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү үчүн керектүү сапаттары өнүгөт. Заманбап коомдо ар кандай терс факторлор күчөп турган шартта, бахаилер балдарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгилешет. Бахаилердин көз карашында идеалдуу үй-бүлө – бул ата-эненин жана балдардын ортосундагы сүйүүгө жана урмат-сыйга негизделген ынтымактуу биримдик. Үй-бүлөлүк жашоодо чечимдер кеңешүү принциби аркылуу кабыл алынышы керек. Программанын негизги принциби: ар бир бала – «баа жеткис асыл таштар катылган кен». Ар бир бала уникалдуу инсан болуп, төрөлгөндөн тартып эле руханий сапаттарга ээ. Мугалимдин милдети – баланы «бош идиш» катары толтуруу эмес, анын ичинде жашырылган асыл касиеттерди ачып, алардын жаркырап чыгуусуна көмөктөшүү. Программа 24 сабактан турат, алар жумасына бир жолу өткөрүлөт. Ар бир сабак белгилүү бир руханий сапатты өнүктүрүүгө багытталган жана ар түрдүү иш-чараларды камтыйт. Мисалы, биринчи сабак биримдик темасына арналган. Анын алкагында балдар биримдик тууралуу ыр жатташат, тематикалык аңгемелерди угушат, кызматташтык жөндөмүн өркүндөтүүчү оюндарга катышышат жана сүрөт боёшот. Ар бир сабактын маанилүү бөлүгү – Ыйык Жазмалардагы цитаталарды жана дубаларды үйрөнүү. Ыйык Жазмалар адамдын жүрөгүн толкутуп, жакшы сапаттарды ойготуу күчүнө ээ. Дубаларды окуу баланын акылын курчутуп, руханий сезимталдыгын арттырат. Сабактын бардык элементтери Кудайдын Жаратман Сөзү менен байланыштуу болуп, адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоонун комплекстүү ыкмасын түзөт.

  • Бахаи Кыргызстана I Официальный Сайт

    Официальный Cайт Национальной Общины Бахаи Кыргызстана. БАХАИЛЕР ЭМНЕГЕ ИШЕНЕТ БАХАИ ЭМНЕ КЫЛЫШАТ Тарых бою Кудай адамзатка Кудайдын Көрүнүштөрү же Жарчылары деп аталган бир катар ыйык Устаттарды жиберген, алардын окуулары цивилизациянын өнүгүшүнүн негизи болуп келген. Бул Ыйык Жандар Ибрахим, Кришна, Зороастр, Муса, Будда, Иса жана Мухаммед болгон. Бахаулла, бул Жарчылардын соңкусу, дүйнөдөгү бардык диндер бир Булактан келип чыгаарын жана негизинен Кудайдан келген бирдиктүү диндин ырааттуу бөлүмдөрүн түзөөрүн түшүндүргөн. Бахаилер адамзаттын алдында турган негизги милдет – келечек коомдун бириктирүүчү көрүмүн, ошондой эле жашоонун табияты менен маанисин издөө деп ишенишет. Мындай көз караш Бахаулланын жазууларында ачылган. Адамзаттын бакубаттуулугу, анын тынчтыгы жана коопсуздугу жеткиликтүү эмес, кыйынчылыксыз орнотула албайт, эгер анын биримдиги бекем орнотулбаса. - Бахаулла ЖАҢЫЛЫКТАР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАХАИ ЖАҢЫЛЫКТАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАҢЫЛЫКТАР МЕДИА Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video

  • МУЖЧИНЫ И ЖЕНЩИНЫ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Эркектер менен Аялдар бирдей укуктарга жана Мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек "Кудайдын Адилеттүүлүгү эки жыныстын укуктарын бирдей урматтоону талап кылат, анткени Кудайдын алдында бир жыныс экинчисинен артык эмес. Адамдын аброю Кудайдын алдында анын жынысына эмес, жүрөгүнүн тазалыгына жана нурлуулугуна жараша бааланат." – Абдул-Баха Эркек менен аял куштун эки канатына окшош. Эгерде бул куштун бир канаты алсыз болсо, анда ал толук кандуу уча албайт. Ошондуктан адамзат коомунун өнүгүшү үчүн аял менен эркектин тең укуктуу болушу – милдеттүү шарт. Кудай ар бир нерсени жупташтырып жараткан. Өсүмдүктөр дүйнөсүндө да, жаныбарлар дүйнөсүндө да жуп жыныстуулук бар, жана алардын экөө тең өз түрүнүн сулуулугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Бирок адамдар дүйнөсүндө аялдар көп учурда эркектерден төмөн коюлуп келет – бул табигый нерсе эмес, коом тарабынан таңууланган көрүнүш. Бул теңсиздик аялдардын жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздигинен эмес, алардын билим алуудагы мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишинен келип чыгат. Эгер аялдар да эркектер менен бирдей билим алса, алардын да илимге, акылга, руханий тереңдикке бирдей жөндөмдүү экени айкын болмок. Кээ бир жагынан аялдар эркектерден да жогору турат — алар боорукер, жүрөгү назик, сезимтал жана интуициясы күчтүү. Мындан тышкары, аял – эненин ролун аткарат. Эгерде эне билимдүү болсо, анын балдары да билимдүү болот. Эне руханий жактан өнүккөн болсо – балдары да Кудайга берилгендей кылып тарбиялайт. Ошондуктан аялдарга тийиштүү билим берүү жана анын өнүгүшүнө шарт түзүү – бүтүндөй коомдун келечегин камсыздайт. Кудай аялдардын артта калышын каалабайт. Аялдар да өздөрүн өнүктүрүүгө, билим алууга, руханий жактан өсүүгө тийиш. Ошондуктан коомдун эртеңки келечеги бүгүнкү энеелерден көз каранды экени айдан ачык. Аялдардын эң бийик жоопкерчилиги ушул эмеспи? Мындай чоң жоопкерчиликти татыктуу аркалоо үчүн аялдар бардык жагынан колдоо көрсөтүү керекпи? Бахаулланын окутуусунда аял менен эркектин теңдиги – негизги принциптердин бири. Бул принцип ишке ашканда, аялдар укук үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын жоготот. Алар өзүнүн нуру жана деми менен адамзатты биримдикке жана бийик руханий даражага көтөрүшөт.

  • РАВЕНСТВО ЛЮДЕЙ ПЕРЕД ЗАКОНОМ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Мыйзам алдында Бардык Адамдар Тең «Кудайдын мыйзамдары – Анын , эрки, каалоосу же күчү менен таңууланган мажбурлоо эмес, алар чындыкты, акыйкатты жана акылмандыкты чагылдырат». – Бахаулла Бардык адамдар мыйзам алдында бирдей. Мыйзам бардык жерде эч кандай чектөөсүз түрдө үстөмдүк кылышы керек. Жаза өч алуу үчүн керек эмес, кылмыштарды жок кылуу үчүн керек. Эл башчылары акылмандык менен элди адилет башкаруулары керек. Бек болобу, падыша же жөнөкөй дыйкан болобу – мыйзам алдында бардыгынын укуктары бирдей. Эч ким артыкчылыкка ээ болбошу керек. Соттор кайсы бир "кадырлуу адамга" карата жеңилдик кылбастан, мыйзамга таянып акыйкат өкүм чыгарышы керек. Кимдир бирөө бизге зулумдук кылса, биз өч алууга укуктуу эмеспиз. Бул ишти мыйзам чечет – андай кылмышы кайталабаш үчүн жаза берет. Анткени бир адамдын азабы – бүтүндөй элдин бакубаттуулугу менен салыштырганда арзыбаган нерсе. Чыныгы адилеттик бүт дүйнөгө – Батышка да, Чыгышка да тараганда, Жер жомоктогудай көркөм планетага айланат, анткени Кудайдын ар бир пендесинин укуктары менен ар-намысы королот. Ошондо эң жогорку көксөө орундалат – бардык адамдар тилектештикке келет. Кудайдын Сүйүүсүнүн Күнү баарынын жан дүйнөсүн жарыктандырат.

  • Круглый стол Кыргыз жараны | bahai-kyrgyzstan

    Артка Алга Кереге кеңеш: «Диний коомчулуктарда Кыргыз жараны идеяларын жайылтуу: тажрыйба жана практика» Бишкек, Кыргызстан — 18-декабрда мамлекеттик органдардын, диний конфессиялардын, жарандык коомдун, эксперттердин жана диний окуу жайлардын өкүлдөрүн бириктирген «Диний коомчулуктарда Кыргыз жараны идеяларын жайылтуу: тажрыйба жана практика» аттуу кереге кеңеш өттү. Кыргызстандын Бахаи коомчулугу талкууга катышып, биримдик, өз ара урмат-сый жана кызматташуу принциптерине негизделген социалдык ынтымакты бекемдөөдө жана жарандык иденттүүлүктү калыптандырууда диний коомчулуктардын ролу жөнүндөгү өз көз карашын бөлүштү. Кереге кеңеш жигердүү коомду курууда жалпы түшүнүктү жана практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган конфессиялар аралык диалог үчүн маанилүү аянтча болду.

  • ConFest | bahai-kyrgyzstan

    Артка Алга ConFest «Жаныңдагынын үнүн ук!» Бишкек, Кыргызстан — 2019-жылдын 11-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Жаныңдагынын үнүн ук!» аттуу өзгөчө ConFest фестивалы өттү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ар түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган. Фестиваль Кыргызстандагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосу менен түзүлгөн конфессиялар аралык Кеңешке мүчө болгон 16 диний уюмдун өкүлдөрүн чогултту. Катышуучулар ар кайсы диний конфессиялардын социалдык иштеринин өзгөчөлүктөрү менен таанышып, 10дон ашык мастер-класстарга катышышты. Алардын арасында шекер менен кооздоо, булгаарыдан белек жасоо, мехенди сүрөт тартуу, жоолук байлоо боюнча сабактар, ошондой эле сергек жашоо образын кармануу жана көз карандылыктан арылуу тууралуу лекциялар болду. Фестивалдын эң символикалык учурларынын бири — катышуучулардын бирге боз үй тигүүсү болду. Бул көрүнүш ар түрдүү диний ишенимдерге карабастан, баарыбыздын мекенибиз бир — Кыргызстан экенин баса белгиледи. Фестиваль диний уюмдардын өкүлдөрүнүн чыгышы менен жыйынтыкталды. Алар өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, билимдин, диалогдун жана тынчтыктын маанилүүлүгү тууралуу ойлорун айтышты. Иш-чаранын уюштуруучулары: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК), ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсеси, Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (IWPR) жана “АВЕП” коомдук фонду. Кыргызстанда дүйнөдөгү эң жаш диндердин бири — бахаи дининин өкүлдөрү да бар. Бахаи дини 19-кылымдын ортосунда Персияда пайда болгон. Ирандын сыртындагы биринчи уюшкан бахаи жамааты 1880-жылдары Ашхабадда түзүлүп, 1918-жылы ошол жерде дүйнөдөгү биринчи бахаи ибадатканасы курулган. Кыргызстанда бахаи жамааты расмий түрдө 1992-жылы катталган. Асель Исламханова, Кыргызстандагы Бахаи дининин Улуттук Руханий Жыйынынын мүчөсү, мындай дейт: «Кыргызстанда мен өз диним үчүн агрессияга кабылган эмесмин. Бул жерде диндер аралык ынтымак өкүм сүрөт.»

  • КОНСУЛЬТАЦИЯ И СОВЕЩАНИЕ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Кеңешүү жана кеңеш куруу Бахаулла кеңешүүнү Өзүнүн Дининин негизги принциптеринин бири катары белгилеп, ишенгенимдегилерди бардык иште кеңешүүгө чакырган. Ал кеңешүүнү "жол көрсөткөн чырак" жана "түшүнүк тартуулаган нур" деп атаган. Шоги Эффенди белгилегендей, кеңешүү — Бахаи Административдик Тартибинин өзөгүн түзөт. «Кеңешүүнүн максаты – чындыкты табуу. Ар бир адам меники туура дей бербестен, өз оюн жалпы максат үчүн – чындыкты табуу үчүн салым катары сунушташы керек. Чындык – көз караштар кагылышканда жаралат. Кайчы пикирлер – бул жараяндын бир бөлүгү. Өзгөлөрдүн айткандарын угуп, андан акыл-эс менен жыйынтык чыгаруу керек. Башкалардын көз карашы акыйкат болсо, өз пикириңди карманып көшөрө бербей, аны дароо кабыл алуу – акылдуулук. Ушундай кылуу менен ар бир адам акыйкатты табууга өз салымын кошо алат. Каршылашуу жана пикир келишпестик өкүнүчтүү. Андай болгон болсо, кеменгер адамдын оюн уккан туура болот, болбосо бир пикирге келүү мүмкүн эмес. Бир ооздон кабыл алынган көпчүлүктүн чечими да жанылыш болуп калышы мүмкүн. Миңдеген адамдар бир пикирди карманышса да, алар жаңылып, ал эми бир кеменгер адамдыкы туура болушу ыктымал. Ошондуктан, чыныгы кеңеш куруу – бул руханий алмашуу болуп саналат, ал кабылдоо жана ишенимдин негизинде ишке ашат. Кеңеш куруудан мыкты жыйынтык болушу үчүн, анын катышуучулары бири-бирине сүйүү жана достук менен мамиле кылуусу керек. Сүйүү жана достук – булар негизги шарт...» – Абдул-Баха Кеңешүү – бул атаандаштык эмес, биримдикке жетүү жолу. Бул – жүрөктөрдү бириктирип, акыйкатка алып баруучу руханий процесс.

  • НОВОСТИ БАХАИ КЫРГЫЗСТАНА | bahai-kyrgyzstan

    Кыргызстандагы Жаңылыктар Встреча Межконфессионального совета в ГКДР КР 30 января, состоялось очередное заседание при Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики с участием заместителя директора Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики К. Мидин уулу и представителей религиозных организаций различных конфессий. Круглый стол - Кыргыз жараны в религиозных сообществах: опыт и практика 18 декабря на круглом столе собрались представители государственных органов, религиозных конфессий, организации гражданского общества, эксперты, представители религиозных учебных заведений и религиозные представители. Неделя миростроительства Ынтымак 2024 в Оше Бишкек - Впервые в этом году 12-13 сентября в Оше на базе Ошского государственного университета прошла Неделя Ынтымак 2024. Неделя миростроительства в Бишкеке Ош - С 12 по 20 сентября в Оше и в Бишкеке прошел крупнейший форум в честь Дня мира — «Неделя Ынтымак». Confest "Прислушайся к тому, кто рядом!" Бишкек, Кыргызстан — 11 декабря 2019 года в Национальной библиотеке имени Алыкула Осмонова прошло уникальное мероприятие ConFest «Прислушайся к тому, кто рядом!» Всемирная служба новостей бахаи подводит итоги года, рассказывая о проектах бахаи, направленных на укрепление мира и процветания во всем мире Двухсотлетие рождения Бахауллы и Баба В 2017 и в 2019 гг. миллионы людей по всему миру отметили 200-летние годовщины рождения этих Двух Светил Молодежные конференции Бишкек - 15-18 июля 2014 г прошла Международная Молодежная Конференция Посадка деревьев 3 апреля 2025 Община Бахаи Кыргызстана приняла участие в мероприятии по посадке саженцев в парке имени Ататюрка в Бишкеке

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page