

Мыйзам алдында Бардык Адамдар Тең
«Кудайдын мыйзамдары – Анын , эрки, каалоосу же күчү менен таңууланган мажбурлоо эмес, алар чындыкты, акыйкатты жана акылмандыкты чагылдырат». – Бахаулла
Бардык адамдар мыйзам алдында бирдей. Мыйзам бардык жерде эч кандай чектөөсүз түрдө үстөмдүк кылышы керек. Жаза өч алуу үчүн керек эмес, кылмыштарды жок кылуу үчүн керек. Эл башчылары акылмандык менен элди адилет башкаруулары керек. Бек болобу, падыша же жөнөкөй дыйкан болобу – мыйзам алдында бардыгынын укуктары бирдей. Эч ким артыкчылыкка ээ болбошу керек. Соттор кайсы бир "кадырлуу адамга" карата жеңилдик кылбастан, мыйзамга таянып акыйкат өкүм чыгарышы керек.
Кимдир бирөө бизге зулумдук кылса, биз өч алууга укуктуу эмеспиз. Бул ишти мыйзам чечет – андай кылмышы кайталабаш үчүн жаза берет. Анткени бир адамдын азабы – бүтүндөй элдин бакубаттуулугу менен салыштырганда арзыбаган нерсе. Чыныгы адилеттик бүт дүйнөгө – Батышка да, Чыгышка да тараганда, Жер жомоктогудай көркөм планетага айланат, анткени Кудайдын ар бир пендесинин укуктары менен ар-намысы королот. Ошондо эң жогорку көксөө орундалат – бардык адамдар тилектештикке келет. Кудайдын Сүйүүсүнүн Күнү баарынын жан дүйнөсүн жарыктандырат.

