top of page
IMG_7462.PNG
IMG_7462.PNG
IMG_7462.PNG

Кеңешүү жана кеңеш куруу

Бахаулла кеңешүүнү Өзүнүн Дининин негизги принциптеринин бири катары белгилеп, ишенгенимдегилерди бардык иште кеңешүүгө чакырган.

 

Ал кеңешүүнү "жол көрсөткөн чырак" жана "түшүнүк тартуулаган нур" деп атаган. Шоги Эффенди белгилегендей, кеңешүү — Бахаи Административдик Тартибинин өзөгүн түзөт.

«Кеңешүүнүн максаты – чындыкты табуу. Ар бир адам меники туура дей бербестен, өз оюн жалпы максат үчүн – чындыкты табуу үчүн салым катары сунушташы керек. Чындык – көз караштар кагылышканда жаралат. Кайчы пикирлер – бул жараяндын бир бөлүгү. Өзгөлөрдүн айткандарын угуп, андан акыл-эс менен жыйынтык чыгаруу керек. Башкалардын көз карашы акыйкат болсо, өз пикириңди карманып көшөрө бербей, аны дароо кабыл алуу – акылдуулук. Ушундай кылуу менен ар бир адам акыйкатты табууга өз салымын кошо алат. Каршылашуу жана пикир келишпестик өкүнүчтүү. Андай болгон болсо, кеменгер адамдын  оюн уккан туура болот, болбосо бир пикирге келүү мүмкүн эмес. Бир ооздон кабыл алынган көпчүлүктүн чечими да жанылыш болуп калышы мүмкүн.  Миңдеген адамдар бир пикирди карманышса да, алар жаңылып, ал эми бир кеменгер адамдыкы туура болушу ыктымал. Ошондуктан, чыныгы кеңеш куруу – бул руханий алмашуу болуп саналат, ал кабылдоо жана ишенимдин негизинде ишке ашат. Кеңеш куруудан мыкты жыйынтык болушу үчүн, анын катышуучулары бири-бирине сүйүү жана достук менен мамиле кылуусу керек. Сүйүү жана достук – булар негизги шарт...» – Абдул-Баха

Кеңешүү – бул атаандаштык эмес, биримдикке жетүү жолу. Бул – жүрөктөрдү бириктирип, акыйкатка алып баруучу руханий процесс.

gold_3.png

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page