top of page
IMG_7462.PNG

Эркектер менен Аялдар бирдей укуктарга жана Мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек

"Кудайдын Адилеттүүлүгү эки жыныстын укуктарын бирдей урматтоону талап кылат, анткени Кудайдын алдында бир жыныс экинчисинен артык эмес. Адамдын аброю Кудайдын алдында анын жынысына эмес, жүрөгүнүн тазалыгына жана нурлуулугуна жараша бааланат." – Абдул-Баха

Эркек менен аял куштун эки канатына окшош. Эгерде бул куштун бир канаты алсыз болсо, анда ал толук кандуу уча албайт. Ошондуктан адамзат коомунун өнүгүшү үчүн аял менен эркектин тең укуктуу болушу – милдеттүү шарт.

Кудай ар бир нерсени жупташтырып жараткан. Өсүмдүктөр дүйнөсүндө да, жаныбарлар дүйнөсүндө да жуп жыныстуулук бар, жана алардын экөө тең өз түрүнүн сулуулугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Бирок адамдар дүйнөсүндө аялдар көп учурда эркектерден төмөн коюлуп келет – бул табигый нерсе эмес, коом тарабынан таңууланган көрүнүш.

Бул теңсиздик аялдардын жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздигинен эмес, алардын билим алуудагы мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишинен келип чыгат. Эгер аялдар да эркектер менен бирдей билим алса, алардын да илимге, акылга, руханий тереңдикке бирдей жөндөмдүү экени айкын болмок.

Кээ бир жагынан аялдар эркектерден да жогору турат — алар боорукер, жүрөгү назик, сезимтал жана интуициясы күчтүү. Мындан тышкары, аял – эненин ролун аткарат. Эгерде эне билимдүү болсо, анын балдары да билимдүү болот. Эне руханий жактан өнүккөн  болсо – балдары да Кудайга берилгендей кылып тарбиялайт.

Ошондуктан аялдарга тийиштүү билим берүү жана анын өнүгүшүнө шарт түзүү – бүтүндөй коомдун келечегин камсыздайт. Кудай аялдардын артта калышын каалабайт. Аялдар да өздөрүн өнүктүрүүгө, билим алууга, руханий жактан өсүүгө тийиш. Ошондуктан коомдун эртеңки келечеги бүгүнкү энеелерден көз каранды экени айдан ачык. Аялдардын эң бийик жоопкерчилиги ушул эмеспи? Мындай чоң жоопкерчиликти татыктуу аркалоо үчүн аялдар бардык жагынан колдоо көрсөтүү керекпи?

Бахаулланын окутуусунда аял менен эркектин теңдиги – негизги принциптердин бири. Бул принцип ишке ашканда, аялдар укук үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын жоготот. Алар өзүнүн нуру жана деми менен адамзатты биримдикке жана бийик руханий даражага көтөрүшөт.

gold_3.png

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page