top of page

БАЛДАР КЛАССЫ

gold_3.png
gold_3.png

Бахаи жамааты тарабынан иштелип чыккан балдар үчүн адеп-ахлактык жана руханий билим берүү программасы терең баалуулуктарга жана инсандык сапаттарды өнүктүрүүгө багытталган методдорго негизделет. Максаты – баланын руханий жана адеп-ахлактык касиеттерин тарбиялоо.

Бахаилер үй-бүлөнү коомдун негизи жана адамдын биринчи тарбия алуу чөйрөсү катары карашат. Дал ушул үй-бүлөдө баланын мүнөзү калыптанып, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү үчүн керектүү сапаттары өнүгөт. Заманбап коомдо ар кандай терс факторлор күчөп турган шартта, бахаилер балдарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгилешет. Бахаилердин көз карашында идеалдуу үй-бүлө – бул ата-эненин жана балдардын ортосундагы сүйүүгө жана урмат-сыйга негизделген ынтымактуу биримдик. Үй-бүлөлүк жашоодо чечимдер кеңешүү принциби аркылуу кабыл алынышы керек.

Программанын негизги принциби: ар бир бала – «баа жеткис асыл таштар катылган кен». Ар бир бала уникалдуу инсан болуп, төрөлгөндөн тартып эле руханий сапаттарга ээ. Мугалимдин милдети – баланы «бош идиш» катары толтуруу эмес, анын ичинде жашырылган асыл касиеттерди ачып, алардын жаркырап чыгуусуна көмөктөшүү.

Программа 24 сабактан турат, алар жумасына бир жолу өткөрүлөт. Ар бир сабак белгилүү бир руханий сапатты өнүктүрүүгө багытталган жана ар түрдүү иш-чараларды камтыйт. Мисалы, биринчи сабак биримдик темасына арналган. Анын алкагында балдар биримдик тууралуу ыр жатташат, тематикалык аңгемелерди угушат, кызматташтык жөндөмүн өркүндөтүүчү оюндарга катышышат жана сүрөт боёшот.

Ар бир сабактын маанилүү бөлүгү – Ыйык Жазмалардагы цитаталарды жана дубаларды үйрөнүү. Ыйык Жазмалар адамдын жүрөгүн толкутуп, жакшы сапаттарды ойготуу күчүнө ээ. Дубаларды окуу баланын акылын курчутуп, руханий сезимталдыгын арттырат. Сабактын бардык элементтери Кудайдын Жаратман Сөзү менен байланыштуу болуп, адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоонун комплекстүү ыкмасын түзөт.

gold_3.png

Секретариат Национального Духовного Собрания

nsa92kg@gmail.com 

Национальный центр Бахаи Кыргызстана

Номер телефона: + 996 999 29 77 99 

Вы можете посетить Национальный Бахаи Центр по адресу: Офицерский пер., дом 5. 720014

г. Бишкек, Кыргызская Республика

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page