top of page
IMG_7462.PNG

Дин менен Илимдин Биримдиги

«Чыныгы дин менен илимдин ортосунда карама-каршылык жок. Эгер дин илимге каршы турса — ал жөн гана сенек ынанымга айланат, анткени билимге карама-каршы келген нерсе — бул түркөйлүк... Эгер адам диндин канаты менен гана учууга аракет кылса, ал тез эле фанатизм менен ырым-жырымдардын баткагына батат. Ал эми илимдин канаты менен жалгыз учууга аракет кылса — ал материализмдин тумчуктурган сазына түшөт».
— Абдул-Баха

Чыныгы дин менен илим бири-бирине каршы эмес. Эгер дин илимге каршы турса — ал түркөйлүк болот. Илим тарабынан далилденген чындыкты четке кагууга болбойт. Акылга каршы келген ишеним — бул чыныгы ишеним эмес, жаңылыш ой. Чыныгы диндердин принциптери илимий ачылыштар менен шайкеш келет. Бир Кудайдын бар экендиги — логикалуу, илимге каршы келбейт. Бардык диндер жакшылык кылууга, чынчылдыкка, ак ниеттүүлүккө, мыйзамдарга баш ийүүгө үйрөтөт. Бул акылга сыярлык жана адамзаттын өнүгүшүнүн жападан жалгыз логикалуу жолу.

Бардык диний мыйзамдар —  акыл-эс менен аң-сезимге шайкеш келет. Алар ар бир доордогу адамзаттын өнүгүү деңгээлине жараша берилет. Дин эки бөлүктөн турат:

  • Руханий бөлүгү — өзгөрбөйт. Бардык Пайгамбарлар бир эле акыйкаттын үйрөтүп, бирдей руханий мыйзамдарды киргизишкен. Алардын моралдык окууулары туруктуу жана жалпыга бирдей. Акыйкат бирөө гана, ал бөлүнбөйт, күн өз нурун адамдардын акыл-эсин нурландыруу үчүн нурун чачат – анын жарыгы дайыма бирдей.

  • Практикалык бөлүгү — дооруна жараша өзгөрүп турат: салттар, мыйзамдар, жазалар. Мисалы, Мусанын учурунда уурулук үчүн кол кесишчү, азыр андай жаза жок. Дагы бир мисал — бүгүн атасын каргаган адам өлүм жазасына тартылбайт. Демек, руханий мыйзамдар туруктуу, практикалык жоболор — убакытка ылайыкташып өзгөрөт.

Диндин руханий бөлүгү эң маанилүү жана бийик: ал өткөндө да, азыр да, келечекте да өзгөрбөйт. Ар бир диндин моралдык негизин дал ушул түбөлүктүү чындык түзөт. Эгер дин акылга туура келбесе — ал дин боло албайт, салтка айланат.

Дин менен илим адамзаттын өнүгүүсүнүн эки канаты: бири руханий көтөрүлүшкө жардам берет, экинчиси дүйнөнү аңдап-билүүгө шарт түзөт. Эки канат менен гана уча аласың; бирөөсү менен учууга аракет кылсаң — же фанатизмдин сазына түшөсүң (эгер дин жалгыз болсо), же материализмге батасың (эгер илим жалгыз болсо). Көптөгөн диндер бүгүн салт менен ырым-жырым деңгээлине чейин түшүп калды. Бул алардын чыныгы маңызына жана заманбап ачылыштарга каршы келет.

Айрым диний жетекчилер догмалар менен салттарды сактоону гана маанилүү деп эсептешет. Натыйжада дин формалдуулукка айланып, ички маңыз жоголот. Формалар ар кандай болгондуктан, алар диндер ортосунда келишпестиктерге жана жек көрүүгө себеп болот. Ошентип, дин менен илим ортосунда карама-каршылык бар деген жаңылыш пикир пайда болот.

Бул жаңылыштык. Илимдин жарыгы диндин жолун жарык кылышы керек. Дин илим менен бирге жүргөндө — кастык менен келишпестиктер жоголот; адамзат Кудайдын Сүйүүсүнүн күчү менен биригет.

Адамды башка жаратылыштардан айырмалаган нерсе эмне? Бул акыл-эс! Биз бул акылды акыйкатты изилдөө үчүн колдонушубуз керек. Бардык нерсени акыл менен калчоо маанилүү: эгер бир нерсе илимге шайкеш келсе — чындык деп кабыл ал, эгер каршы келсе — түркөйлүк деп четке как.

Бүгүнкү дүйнөгө көз чаптырып көрсөк: сенек ынанымдар менен жөрөлгөлөргө толгон, адамдар куру кыялдан жаралган кудайларга же табияттын объектилерине сыйынышат — күнгө, даракка, ташка, кээде деңизге же чаңга. Кээде Кудайга сыйынуу жалаң гана ырым-жырым менен жөрөлгөгө айланып, улам кайталана берип чарчатат.

Айрым адамдар акыл-эси толук өнүкпөгөндүктөн, диндеги терең маанилерди түшүнө албайт. Бирок бул — диндеги чыныгы күчтү жокко чыгарбашы керек. Кичинекей бала белгилүү бир куракка чейин табияттын мыйзамдарын түшүнбөгөн сыяктуу эле, чоңдор да руханий чындыктарды акылы өнүккөн сайын гана түшүнө алат.

Кудай илим менен динди — дүйнөнү таануу үчүн адамзатка берген курал катары жараткан. Аларды эч качан четке какпагыла! Ишенимди баалоо үчүн акыл-эсти колдонуу керек: эгер ишеним чындыкка туура келсе — кабыл ал, туура келбесе — четке как.

Айланага көп чаптырып көргүлөчү, көптөр куру кыялдан чыккан кудайларга же идолдорго сыйынып жатышат. Бирок чыныгы Жаратуучу — көрүнбөс жана чексиз. Ага болгон сыйынуу — жаң дүйнөдөн чыгып жана чын ыкластан болушу керек.

Дин илимге карама-каршы боло албайт. Эгер азыр акыл-эс күчү  чабал болуп же Акыйкатты түшүнө алгындай деңгээлде өнүкпөгөн болсо да, убакыттын өтүшү менен аң-сезим ойгонуп, жаңы билимдерге жете алат.

Дин сенек ынанымдардан бошонуп, илим менен шайкеш болгондо — ал адамзатты бириктирген улуу күчкө айланат. Кудайдын Сүйүүсү аркылуу согуштарды жана касташууларды жоготуп, дүйнө жүзүнө тынчтык менен гармония тартуулайт.

gold_3.png

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page