


Кереге кеңеш: «Диний коомчулуктарда Кыргыз жараны идеяларын жайылтуу: тажрыйба жана практика»
Бишкек, Кыргызстан — 18-декабрда мамлекеттик органдардын, диний конфессиялардын, жарандык коомдун, эксперттердин жана диний окуу жайлардын өкүлдөрүн бириктирген «Диний коомчулуктарда Кыргыз жараны идеяларын жайылтуу: тажрыйба жана практика» аттуу кереге кеңеш өттү.
Кыргызстандын Бахаи коомчулугу талкууга катышып, биримдик, өз ара урмат-сый жана кызматташуу принциптерине негизделген социалдык ынтымакты бекемдөөдө жана жарандык иденттүүлүктү калыптандырууда диний коомчулуктардын ролу жөнүндөгү өз көз карашын бөлүштү.
Кереге кеңеш жигердүү коомду курууда жалпы түшүнүктү жана практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган конфессиялар аралык диалог үчүн маанилүү аянтча болду.

