top of page
463459983_468075520_18109868911429118_2305018899042642552_n.jpg

Бишкектеги тынчтык куруу жумалыгы

Бишкек, Кыргызстан — 12-сентябрдан 20-сентябрга чейин Ош жана Бишкек шаарларында Тынчтык күнүнө арналган эң ири форум — "Ынтымак жумалыгы" өттү. Ал тынчтык куруу чөйрөсүндө иштеген эксперттерди, коомдук ишмерлерди жана уюмдарды чогултту. Быйыл 52 уюм катышып, программанын алкагында ар кайсы чөйрөлөрдөн чакырылган эксперттер менен 59 сессия өткөрүлдү.

Кыргызстандын Бахаи коомчулугу социалдык биримдикти, кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтык куруу процесстериндеги жаштардын ролу боюнча маселелерди талкуулоого өз салымын кошту. Форум биримдиктүү жана жигердүү коомду түзүүгө багытталган диалог жүргүзүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page