
Search this site
74 results found with an empty search
- Копия ВО ЧТО ВЕРЯТ БАХАИ | bahai-kyrgyzstan
БАХАИЛЕР ЭМНЕГЕ ИШЕНЕТ Бахаилер адамзаттын биримдигине ишенишет, ар кандай улуттан же динден болбосун, бардык адамдар бир дүйнөлүк үй-бүлөнүн бөлүгү деп эсептешет. Алар руханий жана материалдык өнүгүү ажырагыс байланышта экенине ишенишип, ар бир адамдын руханий жана моралдык сапаттарын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп санашат. Алардын ишениминин негизги фигурасы – Бахаулла, ал бардык диндердин жана адамзаттын биримдиги чыныгы ишенимдин өзөгү экенин жарыялаган. Бахаилер социалдык адилеттүүлүккө, тынчтыкка жана гармонияга умтулушат, коомго кызмат кылуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү жоопкерчилиги жакшыраак дүйнө түзүүгө негизги принциптер деп ишенишет. ИШЕНИМДИН ТАРЫХЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАХАИЛЕР БАХАИЛЕР ПРИНЦИПТЕРИ
- БАХАИ КЫРГЫЗСТАНА | bahai-kyrgyzstan
Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Кыргызстандагы тарыхы Бахаи дининин негизги принциптери Бахаи дининин Кыргызстандагы тарыхы Бахаи дининин Кыргызстандагы тарыхы постсоветтик мейкиндикте бул окуунун жайылышы менен тыгыз байланышта. Дүйнөдө Ирандан тышкаркы биринчи уюшкан бахаи жамааты 1880-жылдары Орусия империясынын аймагында, тактап айтканда, Ашхабадда пайда болгон. Ошол жерде 1913–1918-жылдары дүйнөдөгү биринчи бахаи ибадатканасы курулган. Жаңы динге болгон кызыгуу XIX – XX кылымдын башындагы орус чыгыш таануучулары, дипломаттары жана жазуучулары арасында да байкалган. Алардын арасында Лев Николаевич Толстой да болуп, ал Бахаи дини жөнүндө биринчи жолу 1884-жылы уккан. Кийинчерээк ал мындай деп жазган: «Дүйнө чыгуу жолун издеп жатат, бирок жер жүзүндөгү бардык көйгөйлөрдүн чечүүчү ачкычы перс туткуну — Бахаулланын колунда.» Кыргызстанда Бахаи дини Совет Биримдиги тарагандан кийин тарай баштаган. Кыргызстандагы бахаи жамааты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен 1992-жылы расмий каттоодон өткөн. Чыңгыз Айтматов да Бахаи динине кызыгуусун билдирип: «Адамзаттын максаты – биримдик.» деген оюн айткан. Бул тууралуу «Бир бахаи менен жолугушуу» аттуу китепте да баяндалган, анда Айтматов менен бахаи өкүлү Фейзолла Намдардын маеги сүрөттөлгөн. Бахаи дининин аймактагы алгачкы өнүгүү этабы Кыргызстандагы Бахаи дининин тарыхы XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башына барып такалат. Борбор Азиянын азыркы мамлекеттери ошол учурда Чыгыш Түркстан аймагына кирип турган. 1882-жылы Персиядан келген биринчи көчмөндөр диний куугунтуктан качып, ушул аймакка жайгашкан. 1913-жылга карата Ашхабадда, Анжиянда, Ташкентте, Самаркандда жана Түркестандын башка шаарларында бахаи жамааттары болгон. Ошол мезгилде Ашхабад бахаи илимий борборуна айланган. Ал жерде «Хуршид-и-Хавр» («Чыгыштын Күнү») журналы чыгарылып, Ташкентте «Ать-Ислох» («Өзгөрүү») гезити басылып турган. 1918-жылы Ашхабадда дүйнөдөгү биринчи Бахаи ибадатканасы курулган. 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин Түркестан автономдуу Орто Азия республикаларына бөлүнгөн. 1938–1939 жана 1945–1953-жылдары бахаийлер массалык сүргүнгө дуушар болушкан. Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан көптөгөн үй-бүлөлөр Петропавловск, Иртышск, Павлодар, Чилик жана Казакстандын башка шаарларына айдалып кеткен. Репрессия жылдарында динди сактап калуу Совет бийлигинин катуу чектөөлөрүнө карабастан, бахаи жамааттары диний салттарын сактап калышкан. Алар бирге жыйналып дуба окушуп, майрамдарын белгилешип, балдарын өздөрүнүн ишенимдерине ылайык тарбиялашкан. Диний ишенимин ачык тутуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, бахаи өкүлдөрү эмгекти ибадаттын бир түрү катары кабыл алышып, өлкө өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушкан. 1954-жылы сүргүнгө айдалган бахаийлерге Борбор Азия менен Кавказга кайтып келүүгө уруксат берилген. Кыргызстанда Бахаи дининин кайра жанданышы (Совет Биримдиги тарагандан кийин) 1990-жылдын августунда «Дин эркиндиги жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин СССР республикаларында бахаи жамаатынын административдик системасы кайра жандана баштаган. Кийинки жылдары Бахаи идеялары басма сөз, радио жана телекөрсөтүүлөр аркылуу тарай баштаган. Бул Кыргызстандагы ар кайсы аймактагы адамдарга Бахаулланын окуусу менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди. Облустук борборлордо бахаи жамааттары түзүлүп, жергиликтүү Руханий Кеңештер (Местные Духовные Собрания) пайда болгон. Бишкек шаарында да ушундай жамаат уюштурулган. 1992-жылы Кыргызстанда Бахаи Улуттук Руханий Кеңешинин шайлоосу өткөрүлгөн жана ошол эле жылы ал мамлекеттик каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үч расмий катталган бахаи диний уюму бар. Бахаи жамаатынын Кыргызстанга кошкон салымы Расмий таанылгандан бери бахаийлер өлкөнүн коомдук турмушуна активдүү катышып, анын гүлдөп-өнүгүүсүнө салым кошуп келишет. Алар руханий, социалдык жана тарбиялык багыттагы долбоорлорду ишке ашырышат. Совет мезгилиндеги мурунку бахаийлердей эле, азыркы жамаат мүчөлөрү да коңшулары менен чогуу эмгектенүү аркылуу Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз үлүшүн кошуп келишет. «Коомдун гүлдөп-өсүшү үчүн жасалган эмгек — бул кызмат кылуунун бир түрү.» Бахаилер адал эмгек, жакындарына жардам берүү жана биримдикке умтулуу менен дүйнөнү жакшыраак кылууга салым кошо алабыз деп ишенишет.
- СОЦИАЛЬНЫЕ ДЕЙСТВИЯ | bahai-kyrgyzstan
Дуба окуу жыйындары Социалдык иштер Жаңылыктар Коомдук жашоого катышуу | Бахаилер эмне менен алектенет Бахаилер коомдун ар кыл катмарындагы адамдардын социалдык жана материалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган иш-чараларга активдүү катышат. Бул аракеттер коомго кызмат кылуу жана терең социалдык өзгөрүүлөргө салым кошуу ниетинен улам дем-күч алып, башкалардын диний ишенимине же келип чыккан тегине карабастан, жалпы адамзаттын жыргалчылыгына багытталган. Ошол эле учурда бахаилер өзгөрүүлөр адамдардын өздөрүнүн өнүгүүсүнө болгон жоопкерчилигин аңдап-түшүнүүсүнө негизделиши керек деп эсептешет. Коомдук өзгөрүүлөр – бул бир топ экинчи бир топ үчүн ишке ашыра турган долбоор эмес; анын негизги максаты – жеке адамдар менен жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн ачып, аларды жакшыраак дүйнө куруу процессине активдүү катышууга шыктандыруу. Бахаилердин коомдук өнүгүү тармагындагы көптөгөн демилгелеринин масштабы чакан, аларды ишке ашырууда жергиликтүү жамааттардын ресурстарына таянат. Бул аракеттер, адатта, чакан топтор тарабынан жүргүзүлүп, коллективдик аң-сезимдин өсүшүнөн улам пайда болот. Алар билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо же санитария тармактарында иш-чараларды камтышы мүмкүн. Айрым учурларда, мындай демилгелер жөнөкөй башталыштардан тартып, жергиликтүү элдин активдүү катышуусу жана колдоосу менен туруктуу долбоорлорго айланып кетет. Бахаилердин билим берүү программалары бардык жаш курактагы адамдарды камтыйт. Балдар үчүн алардын руханий жана адеп-ахлактык сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган курстар иштелип чыккан, ал эми чоңдор үчүн программалар жеке өсүшкө жана коом алдындагы жоопкерчиликке басым жасайт. Бул сабактар, адатта, жумасына бир жолу өткөрүлүп, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүнү айкалыштыруу принциптерине негизделет. Бахаулла мындай дейт: «Жашап жаткан дооруңардын муктаждыктарына болгон жан-дилиңер менен көңүл буруп, негизги талкууларыңардын темасы ошол муктаждыктар жана суроо-талаптар болсун». Бул идея дүйнө жүзүндөгү бахаилерди кызмат кылуу, кызматташуу жана практикалык демилгелер аркылуу өз жамааттарынын жашоо-шартын жакшыртууга умтулууга шыктандырат».
- КОНТАКТЫ | bahai-kyrgyzstan
Связаться Имя* Фамилия* Электронная почта* Город/регион Вас интересуют какие-либо из перечисленных ниже мероприятий по развитию общества? Подростковые группы Молитвенные встречи Учебные кружки для молодежи и взрослых Детские классы Сообщение* Отправить
- НОВОСТИ | bahai-kyrgyzstan
ЖАҢЫЛЫКТАР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАХАИ ЖАҢЫЛЫКТАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
- ConFest | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга ConFest «Жаныңдагынын үнүн ук!» Бишкек, Кыргызстан — 2019-жылдын 11-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Жаныңдагынын үнүн ук!» аттуу өзгөчө ConFest фестивалы өттү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ар түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган. Фестиваль Кыргызстандагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосу менен түзүлгөн конфессиялар аралык Кеңешке мүчө болгон 16 диний уюмдун өкүлдөрүн чогултту. Катышуучулар ар кайсы диний конфессиялардын социалдык иштеринин өзгөчөлүктөрү менен таанышып, 10дон ашык мастер-класстарга катышышты. Алардын арасында шекер менен кооздоо, булгаарыдан белек жасоо, мехенди сүрөт тартуу, жоолук байлоо боюнча сабактар, ошондой эле сергек жашоо образын кармануу жана көз карандылыктан арылуу тууралуу лекциялар болду. Фестивалдын эң символикалык учурларынын бири — катышуучулардын бирге боз үй тигүүсү болду. Бул көрүнүш ар түрдүү диний ишенимдерге карабастан, баарыбыздын мекенибиз бир — Кыргызстан экенин баса белгиледи. Фестиваль диний уюмдардын өкүлдөрүнүн чыгышы менен жыйынтыкталды. Алар өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, билимдин, диалогдун жана тынчтыктын маанилүүлүгү тууралуу ойлорун айтышты. Иш-чаранын уюштуруучулары: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК), ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсеси, Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (IWPR) жана “АВЕП” коомдук фонду. Кыргызстанда дүйнөдөгү эң жаш диндердин бири — бахаи дининин өкүлдөрү да бар. Бахаи дини 19-кылымдын ортосунда Персияда пайда болгон. Ирандын сыртындагы биринчи уюшкан бахаи жамааты 1880-жылдары Ашхабадда түзүлүп, 1918-жылы ошол жерде дүйнөдөгү биринчи бахаи ибадатканасы курулган. Кыргызстанда бахаи жамааты расмий түрдө 1992-жылы катталган. Асель Исламханова, Кыргызстандагы Бахаи дининин Улуттук Руханий Жыйынынын мүчөсү, мындай дейт: «Кыргызстанда мен өз диним үчүн агрессияга кабылган эмесмин. Бул жерде диндер аралык ынтымак өкүм сүрөт.»
- Миростроительство Ош | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга Оштогу тынчтык куруу жумалыгы Ош, Кыргызстан — 12–13-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде өкмөт, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирген Ынтымак-2024 жумалыгы өттү. Талкуулардын негизги темасы "Тынчтыкты курууну илгерилетүүнүн жолу катары Борбордук Азия кызматташтыгы" болду. Кыргызстандын Бахаи коомчулугу "Социалдык өзгөрүүлөрдөгү жаштардын ролу" аттуу сессияны уюштурду. Анын жүрүшүндө катышуучулар кызмат кылуу жана биримдик принциптерине таянып, тынч жана ынтымактуу коомду курууга жаштар кандайча салым кошо алаары жөнүндө талкуулашты. Жоопкерчилик сезимин тарбиялоо, адеп-ахлактык лидерликти калыптандыруу жана калктын ар кандай топторунун ортосунда диалогду өнүктүрүү маселелери да козголду. Ынтымак-2024 жумалыгы аймакта тынчтыкты бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу жана чечимдерди издөө үчүн маанилүү аянтча болду.
- МЕДИА И ЛИТЕРАТУРА | bahai-kyrgyzstan
ДУБАЛАР Дүйнөлүк Адилет Үйүнүн расмий каттар БАХАИ ЖАЗМАЛАРЫ МЕДИА Писания Бахауллы Китаб-и-Агдас Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Молитвы Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Послания Всемирного Дома Справедливости Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзү ндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр МЕДИА 2024 Year in Review Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Широкая перспектива (Subtitled) Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Панорама усилий длиною в сто лет Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Совершенный Пример Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied По стопам Учителя Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Восхождение света Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Раскрывая свои объятия Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Свет мира. 200-летие со дня рождения Бахауллы Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Передовые рубежи научения Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied
- ИЗБРАННЫЕ МОЛИТВЫ | bahai-kyrgyzstan
Адабият Социалдык иштер
- ВСЕОБЩЕЕ ОБРАЗОВАНИЕ И ВОСПИТАНИЕ | bahai-kyrgyzstan
Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Жалпылуу Билим Берүү жана Тарбия Бардык адамдарда толук кандуу билим жана тарбия алууга мүмкүнчүлүгү болуш керек. «Ар бир адамга баалуу асыл таштар катылган кен сыяктуу кара. Билим жана тарбия гана бул кенден асыл байлыктарды алып чыгып, адамзатка анын пайдасын көрүүгө көмөкчү болот ». — Абдул-Баха Бахаулла ар бир балага айныксыз түрдө билим берүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. Эгерде үй-бүлөнүн финансылык же башка мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болуп, жамаат да жардам көрсөтө албаса — мындай учурда артыкчылык кыз балдарга берилиши керек. Бул эки максатты камтыйт. Аялзаты өткөн доорлордо ээ боло албаган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруу. Экинчиден, келечектеги энелерге билим берүү аркылуу — үй-бүлө жана жамаат келечек муундун жыргалчылыгына кам көрот, анткени эне — баланын биринчи мугалими жана устаты. «Эгерде тарбиячы болбосо, жан-дүйнө жапайычылыкта калмак, эгер мугалим болбосо, балдар түркөй болуп өсмөк. Ошондуктан жаңы доордун Кудай Таала түшүргөн Китебинде бала тарбиясы милдеттүү иштердин катарына киргизилген. Ата-эне балдарын камкордук менен тарбиялап, аларга билим берүүгө жана илим менен искусствого үйрөтүүгө милдеттүү». — Абдул-Баха
- Обзор 2024 | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга 2024-жылга көз чабыт: Бахаи динин туткандар тынчтыкты чыңдоого багытталган аракеттерин улантышты 2024-жылга көз чабыт: https://news.bahai.org/story/1773 (Булак: Бахаи дүйнөлүк жаңылыктар кызматы) 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча коомду өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун издөө иштери уланды. Бул жолдо кайратмандык менен үмүткө толгон сансыз окуялар жарык чачты. Бахаи дүйнөлүк жаңылыктар кызматы жыл жыйынтыгын чыгарып, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү бекемдөөгө багытталган бахаи демилгелери тууралуу айтып берет.
- Миростроительство Бишкек | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга Бишкектеги тынчтык куруу жумалыгы Бишкек, Кыргызстан — 12-сентябрдан 20-сентябрга чейин Ош жана Бишкек шаарларында Тынчтык күнүнө арналган эң ири форум — "Ынтымак жумалыгы" өттү. Ал тынчтык куруу чөйрөсүндө иштеген эксперттерди, коомдук ишмерлерди жана уюмдарды чогултту. Быйыл 52 уюм катышып, программанын алкагында ар кайсы чөйрөлөрдөн чакырылган эксперттер менен 59 сессия өткөрүлдү. Кыргызстандын Бахаи коомчулугу социалдык биримдикти, кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтык куруу процесстериндеги жаштардын ролу боюнча маселелерди талкуулоого өз салымын кошту. Форум биримдиктүү жана жигердүү коомду түзүүгө багытталган диалог жүргүзүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.
