top of page
IMG_7462.PNG
IMG_7462.PNG

Жалпылуу Билим Берүү жана Тарбия

​

Бардык адамдарда толук кандуу билим жана тарбия алууга мүмкүнчүлүгү болуш керек.

​

«Ар бир адамга баалуу асыл таштар катылган кен сыяктуу кара. Билим жана тарбия гана бул кенден асыл байлыктарды алып чыгып, адамзатка анын пайдасын көрүүгө көмөкчү болот ».
— Абдул-Баха

​

Бахаулла ар бир балага айныксыз түрдө билим берүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. Эгерде үй-бүлөнүн финансылык же башка мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болуп, жамаат да жардам көрсөтө албаса — мындай учурда артыкчылык кыз балдарга берилиши керек. Бул эки максатты камтыйт. Аялзаты өткөн доорлордо ээ боло албаган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруу. Экинчиден, келечектеги энелерге билим берүү аркылуу — үй-бүлө жана жамаат келечек муундун жыргалчылыгына кам көрот, анткени эне — баланын биринчи мугалими жана устаты.

 

«Эгерде тарбиячы болбосо, жан-дүйнө жапайычылыкта калмак, эгер мугалим болбосо, балдар түркөй болуп өсмөк. Ошондуктан жаңы доордун Кудай Таала түшүргөн Китебинде бала тарбиясы милдеттүү иштердин катарына киргизилген. Ата-эне балдарын камкордук менен тарбиялап, аларга билим берүүгө жана илим менен искусствого үйрөтүүгө милдеттүү».
— Абдул-Баха

gold_3.png

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

​

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page