

Акыйкатты Өз алдынча Изилдөө
Бахаи дининин негизги принциптеринин бири — акыйкатты көз карандысыз изилдөө, башкача айтканда, чындыкты өз алдынча издөө. Ар бир адам мындай изденүүгө жеке өзү киришүүгө тийиш — дал ушундай изденүү адамзатты сокур ишенимден жана сокур ээрчүүдөн чыгара алат.
«Акыйкат бирөө гана жана бөлүнбөс. Элдердин ортосундагы келишпестиктер — бул алардын жаңылыш ойлорго карманып калгандыгынан келип чыгат. Эгер адамдар чындыкты издешсе, алар биримдикке жол табышмак».
— Бахаулла
Бахаулланын айтымында, Кудай ар бир адамга акыйкатты таанып, аны кабыл ала алышы үчүн аң-сезим берген. Ал бизге чындыкты угуш үчүн кулак, аны түшүнүш үчүн акыл тартуулаган.
Абдул-Баха баса белгилегендей: акыйкатты көз карандысыз издөө — бул ата-бабалардын баскан жолун сокур ээрчибешибиз керек дегенди билдирет. Башкалар түшүнгөн чындыкка гана таянууга да болбойт. Башкалардын ишенимдерин сокур ээрчүү — акыл-эсти жабыркатат, наадандыкка алып келет жана адашууга, көңүл калууга себеп болот.
Сиз өзүңүздүн ынанымдарыңызга, ишенимиңизге, жашоого болгон түшүнүгүңүзгө кантип келдиңиз? Бул көбүнчө чындык деп кабылдаган нерсеге акылыбыз, жүрөгүбүз жана жаныбыз менен жооп бергенде болот. Мындай тажрыйба, адатта, ой жүгүртүү, жеке сезимдер, изилдөө жана баарлашуу аркылуу калыптанат. Бирок сиз өзүңүз аңдап-түшүнгөн жана сезген чындык гана аң-сезимиңизге чындап тамыр жая алат.
Бахаи окуусунда ар бир адамдан коркпостон, бирок момундук менен Акыйкатты издөө талап кылынат. Бул жолдо кыйынчылыктар бар, бирок белгилүү шарттарды сактоо менен чындыкка жакындаса болот:
-
Көз карашыбызды тазалап, адашуунун көшөгөсүн ачуу
-
Башкаларды сокур ээрчүү менен тууроо өнөкөтүн жок кылуу
-
Өзүмчүл кумар каалоолордун кабылдообузду көшөгө сымал жаап калуусуна жол б
-
Акылга сыярлык жана негиздүү далилдерге таянуу
-
Сөздөрдүн сырткы мааниси менен гана чектелбей, алардын руханий маңызын түшүнүүгө умтулуу
-
Өз акылыбызга жана ой жүгүртүүбүзгө таянуу
-
Түркөйлүктөн, сенек ынанымдардан жана куру кыялдын торунан бошонуу
-
Тынымсыз аракет менен эмгектенүү
-
Акыйкатты таануу жөндөмүбүздү өнүктүрүү жана ойготуу
-
Дүйнө элдерине болгон сүйүү же жек көрүү сезиминен арылуу — анткени Акыйкат улуттук, диний жана маданий чек аралардан жогору турат
Бул жолдо бизге өзгөчө керек болгон сапаттар — чыдамкайлык, байланбастык, адилеттүүлүк, калыстык, жүрөктүн жана ойлордун тазалыгы, туруктуулук. Дал ушул касиеттер Акыйкатты издөө жолунда бизге жол көрсөтүп, ички күчүбүздү сактоого жардам берет.

