top of page
photo_1_2025-02-09_16-12-07.jpg

Оштогу тынчтык куруу жумалыгы

Ош, Кыргызстан — 12–13-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде өкмөт, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирген Ынтымак-2024 жумалыгы өттү. Талкуулардын негизги темасы "Тынчтыкты курууну илгерилетүүнүн жолу катары Борбордук Азия кызматташтыгы" болду.

Кыргызстандын Бахаи коомчулугу "Социалдык өзгөрүүлөрдөгү жаштардын ролу" аттуу сессияны уюштурду. Анын жүрүшүндө катышуучулар кызмат кылуу жана биримдик принциптерине таянып, тынч жана ынтымактуу коомду курууга жаштар кандайча салым кошо алаары жөнүндө талкуулашты. Жоопкерчилик сезимин тарбиялоо, адеп-ахлактык лидерликти калыптандыруу жана калктын ар кандай топторунун ортосунда диалогду өнүктүрүү маселелери да козголду.

Ынтымак-2024 жумалыгы аймакта тынчтыкты бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу жана чечимдерди издөө үчүн маанилүү аянтча болду.

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page