top of page

Мыйзамга Бой Сунуу жана Саясатка Аралашпоо

Бахаи дини – сүйүү менен адилеттикке таянуу аркылуу адамзатты бириктирүүнү максат кылат, эгер бахаилер коомдо орун алган бардык мыйзамдар менен нормаларды сактап, аларды сыйлабаса, бул максатка жетүү мүмкүн эмес. Мыйзамдар коомдо тартип менен тынчтык камсыз кылууга багытталган. Мыйзамдарга каршы келген бардык иш-аракеттер  баш аламандыкка алып келет жана адамзаттын көксөгөн тилегинен алыстатат. Мыйзамга бой сунуу принциби Баха дининин негиздөөчүлөрү тарабынан жарыяланып, адамдык ишенимдүүлүктү чагылдырат.

Мамлекеттик мыйзамдар талап кылган шартта, бахаилар өз дининин бардык сырткы аспектилерин курмандыкка чала алышат,  мисалы, административдик түзүм, жыйындарды өткөрүү, өз пикирлерин жайылтуу, мунун баарына мыйзамга баш ийүү үчүн убактылуу токтото алышат. Бирок алар ички ынанымдарынан – Кудайга болгон ишениминен, чынчылдыктан жана бардык адамдарга карата адилет мамиледен  баш тарта алышпайт.

Бахаилер шайлоого катыша алышат, бирок саясий партияларга кошулушпайт жана үгүт иштерине катышпайт. Себеби дин – адамдын жүрөгүнө, рухуна тиешелүү; ал эми саясат – коомдун материалдык тартибин башкарууга арналган. Бул эки багытты аралаштырууга болбойт.

Диний насаатчылар саясатка аралашпоого тийиш. Алардын максаты – элдин жүрөгүнө жарык берүү, акыл-эсти өнүктүрүү, адеп-ахлактык өсүшкө көмөктөшүү жана адамзатка кызмат кылуу. Мунун баары Бахаулланын окуусуна шайкеш келет. Бахаилер – тынчтыкты сүйгөн жамаат. Алар курал көтөрбөйт. Эгер мыйзам альтернативдик кызматты сунуштаса – алар аны тандашат. Эгер мүмкүнчүлүк жок болсо – мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөшөт.

Ошол эле маалда, бахаилер армиянын же тартип сактоо органдарынын бар болушу керектигин четке кагышпайт – алар коомдун коопсуздугу үчүн керек.

gold_3.png

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page