top of page
IMG_7462.PNG
IMG_7462.PNG
IMG_7462.PNG

Кудайдын, Диндин жана Адамзаттын Биримдиги

Бахаи Дининин негиздөөчүсү Бахаулла жарыялаган негизги принциптердин бири — бул диндердин акыйкаты бул абсолюттук чындык эмес, бирок ал акырындык менен адамзатка Кудай тарабынан дүйнөлүк диндер аркылуу ачылып турат. Бул чындык ар бир доордогу адамзаттын өнүгүү деңгээлине, кабыл алуу жөндөмүнө жана ошол тарыхый учурдун милдеттерине жараша берилип турат. Ошентип, Кудайдын Аяндары — бул үзгүлтүксүз жана өнүгүүчү процесс. Кудайды таануу, кол жеткирүү мүмкүн эмес, жана Аны аныктоо же атоого болгон бардык аракеттер — адамзаттын чектелген жөндөмүн гана көрсөтөт. Ошондуктан Кудай Өзүнүн мээримин жана жетекчилигин дүйнөгө жиберген Элчилери аркылуу көрсөтөт. Мындай Кудайдын Элчилери — Ибрахим, Кришна, Муса, Будда, Зороастр, Ыйса жана Мухаммед болгон. Бахаулла жана Анын Жолун даярдаган Баб азыркы учурдагы соңку Кудай Элчилери  жана буга чейинки Улуу Элчилер баштаган Ишти улантуучулар болуп саналат. Бахаулланын келиши менен диндин өнүгүү процесси аяктаган жок, анын жаңы доору башталды. Бахаулланын айтымында, "кеминде миң жылдан кийин гана Кудайдын жаңы Элчиси келет."

Бахаулланын Ыйык Жазмаларында Кудайдын Элчилери күн нуруна салыштырылат:

«Алар бир эле чатырда жашайт, бир эле асманда калкышат, бир эле тактыда олтурушат, бир эле тил менен сүйлөшөт жана бир эле динди насаатташат».
— Бахаулла

Ошентип, Бахаулланын негизги кайрылуусу — бул биримдик. Ал мындай деп окуатат -  бир эле Кудай бар, бардык дүйнөлүк диндер — Кудайга болгон "өзгөрүлбөс Ишенимдин" көрүнүшү болуп саналат, ал өткөндө да түбөлүктүү болчу, келечекте да түбөлүктүү болот, бүт адамзат — бул бир гана раса, ал тынчтыкта жана ынтымакта жашоого тийиш. Бахаулла Өзүнүн келишин адамзаттын тарыхый зарылчылыгы — глобалдык биримдик менен түшүндүргөн. Анткени дүйнөлүк биримдик бир гана Жалгыз Кудайга болгон орток ишенимдин негизинде, бардык адамдар кабыл ала турган динде мүмкүн болот.

Бахаи Дини үйрөтөт: бардык улуу диндердин негизги руханий принциптери бирдей жана бири-бири менен шайкеш келет. Алардын максаты да бир — адамзат ортосунда сүйүүгө жана адилеттүүлүккө негизделген тынчтык менен ынтымакты орнотуу. Чыныгы дин адамзатты бөлүп-жарган тоскоолдуктарды — улуттар аралык, этностук, таптык, жыныстык, билим деңгээлине байланыштуу жана диний бөлүнүүлөрдү жок кылышы керек. Булардын баары — адамдар көбүнчө чыныгы биримдиктин ордуна карманып калган экинчи даражадагы айырмачылыктар.

«Дүйнөдөгү бардык расалардын жана диндердин өкүлдөрү Кудайдын бир Булагынан шыктанат жана бир Кудайга баш ийет дегенге шек жок. Алар карманган мыйзамдардагы айырмачылыктар — ар кайсы доорлордун талаптарына жараша болот. Бул мыйзамдардын баары, айрым гана адамдардын бузулган түшүнүгүнөн жаралгандарын эске албаганда, Кудай тарабынан берилген жана Анын Эрки менен Максатын чагылдырат».
— Бахаулла

«Адамзаттын биримдиги бекем орнобосо, анын жыргалчылыгы, тынчтыгы жана коопсуздугу мүмкүн эмес».
— Бахаулла

gold_3.png

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page