

Жалпы Тынчтык
Тынчтык – бул ар бир адамды ойлондурган маселе. Тынчтыкты орнотуу бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй маанилүү жана ыкчамдыкты талап кылат.
Саясий келишимдер жана куралсыздануу тынчтыкка салым кошот. Бирок эгер мурда айтылган негизги принциптер – биримдик, билим берүү, жыныстардын теңдиги, расалык жана диний толеранттуулук дүйнө жүзүндө кабыл алынбаса, чыныгы жана туруктуу тынчтыкка жетүү мүмкүн эмес.
Бардык адамдар бир Кудайдын жаратылган. Ал Элчилери аркылуу адамзатка көз салып, көрсөтмөлөрүн жөнөтүп турат, бул окуулардын бардыгы сүйүүго жана бир туугандыкка негизделген. Диндердин биримдигин таануу менен гана, биз диний кастыктарды токтото алабыз жана ишеним нуру тынчтыкка карай жолду жарыктандырат. Диндер ортосундагы кастык, илим менен диндин ортосундагы карама-каршылыктар, байлар менен жакырлардын ажырымы, аялдар менен эркектердин теңсиздиги – мунун баарын жойбой туруп тынчтыкта жашаган коомду түзүүгө мүмкүнбү? Эгер жаңы муундар ушундай принциптерге негизделген билим алышпаса, тынчтык эч качан келбейт.
«Адамзаттын бакубаттуулугу, тынчтыгы жана коопсуздугу – анын биримдиги бекемделмейинче мүмкүн эмес». – Бахаулла

