top of page

ӨСПҮРҮМДӨР ТОПТОР

gold_3.png
gold_3.png

Өспүрүмдөрдүн руханий дараметин ачуу программасы

Өспүрүмдөр үчүн бул программа – бул бүткүл дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан кыймыл. Ал 12ден 15 жашка чейинки жаштарды ата-энелери жана коомдун башка мүчөлөрү менен биргеликте иш алып барып, өз аймактарынын жана жалпы дүйнөнүн жыргалчылыгына салым кошууга шыктандырат.

Өспүрүм курак – бала кезден чоңойууга өтүүнүн маанилүү баскычы. Бул кыска, бирок маңыздуу мезгилде өспүрүмдөр физикалык, эмоционалдык жана интеллектуалдык жактан тез өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бул мезгил зор мүмкүнчүлүктөргө бай, ошондуктан программа жаш муундун таланттарын жана руханий күчтөрүн толук ачууга көмөктөшүүгө багытталган.

Ар бир өспүрүмдөр тобун “алып баруучулар” (вожатый) жетектейт – бул өспүрүмдөрдөн бир аз улуу, ошол эле куракты башынан өткөргөн жаш адам. Алар өспүрүмдөргө жакын дос катары болуп, алардын руханий сапаттарын, интеллектуалдык жөндөмдөрүн жана коомго кызмат кылуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Сабактар кандай өтөт?

Өспүрүмдөр жана алып баруучулар жумасына бир жолу достук маанайда жолугушуп, атайын иштелип чыккан тексттерди окуп, маанилүү адеп-ахлактык түшүнүктөрдү изилдешет. Катышуучулар угуу, ой жүгүртүү, талдоо, чечим кабыл алуу жана ага ылайык аракеттенүү жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.

Программа өспүрүмдөрдү адеп-ахлактык түшүнүктөрдөн баштап, математика жана илим сыяктуу темаларга чейин кеңири маселелер жөнүндө ой жүгүртүүгө шыктандырат. Бул алардын окуудагы ийгиликтерине да оң таасирин тийгизет.

Жакшы иштерди жасоо долбоорлору

Программанын негизги бөлүктөрүнүн бири – жакшы иштерди жасоо долбоорлору. Бул долбоорлордун алкагында өспүрүмдөр алып баруучулар менен бирге өз чөйрөсүн жакшыртууга аракет кылышат.

Мисалы:

            •           короонун тазалыгына кам көрүү;

            •           көчө дубалдарына сүрөт тартуу (муралдар);

            •           биримдик фестивалдарын уюштуруу.

15 жаштан өткөн жаштар дагы бул программага катышып, балдар жана өспүрүмдөр үчүн сабактарды өткөрүү боюнча курстардан өтүшөт. Бул жараян муундардын байланышын бекемдейт: өспүрүмдөр тобун бүтүргөндөр кичүүлөргө сабак өтө башташат.

 

Чыныгы мисалдар

2020-жылы пандемия маалында Токмок шаарындагы өспүрүмдөр алып баруучулар менен бирге өз аймагында 40 үй-бүлө азык-түлүксүз калганын байкашкан. Алар дүкөндөргө атайын кутуларды орнотуп, элди кайрымдуулук кылууга чакырып, азык-түлүк чогултуу долбоорун уюштурушкан.

Мындайча айтканда, өспүрүмдөр өз районундагы маселелерди көрүп, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулап, чоңдор менен кызматташууга үйрөнүшөт.

Бул программа өспүрүмдөрдүн руханий жана интеллектуалдык сапаттарын өнүктүрүп гана тим болбостон, коомдун жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликти сезүү сезимин да калыптандырат.

gold_3.png

Секретариат Национального Духовного Собрания

nsa92kg@gmail.com 

Национальный центр Бахаи Кыргызстана

Номер телефона: + 996 999 29 77 99 

Вы можете посетить Национальный Бахаи Центр по адресу: Офицерский пер., дом 5. 720014

г. Бишкек, Кыргызская Республика

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page