

Конфессиялар аралык кеңештин ДИМК жыйыны 30-январда Кыргызстандын Бахаи коомчулугунун өкүлдөрү
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Конфессиялар аралык кеңештин жыйынына катышты. Жыйынга ДИМКнын директорунун орун басары Канат Мидин уулу, ошондой эле өлкөнүн ар түрдүү диний уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар Конфессиялар аралык кеңештин Жобосун жана 2025-жылга карата Иш-чаралар планын талкуулашты. Алар конфессиялар аралык диалогду бекемдөө, диний сабырдуулук принциптерин илгерилетүү жана кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Кыргызстандын Бахаи коомчулугу ар кандай диний ишенимдеги адамдар урмат-сый, биримдик жана жалпы гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу негизинде өз ара аракеттенген жигердүү коомду өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойт. Биз диндер аралык диалогду чыңдоого өз салымыбызды кошконубузга кубанычтабыз жана бул ишти улантабыз
