



2025-жылдын 3-апрели, БИШКЕК — Кыргызстандагы Бахай коомчулугу Бишкек шаарындагы Ататүрк паркынын аймагында бак-дарактын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасына катышты. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулган Кыргызстандагы диний конфессиялар аралык кеңештин иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу алкагында, ОБСЕнин Бишкек программалык кеңсеси жана экологиялык Move Green уюму колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу менен бирге диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоо жана коомчулуктун дин тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болду. Мамлекеттик органдардын жана ар түрдүү диний конфессиялардын 100дөн ашуун өкүлү иш-чарага катышып, Ататүрк паркынын аймагына 60тан ашуун көчөттөрдү отургузушту.
Кыргызстандагы Диний Конфессиялар Аралык Кеңеш 2018-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда ал 17 диндик уюмдардын өкүлдөрүн бириктирет. Кеңеш жыл сайын конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урмат-сый көрсөтүү, толеранттуулук жана чыдамкайлык принциптерин жайылтуу максатында ондогон иш-чараларды өткөрөт.
Диний Конфессиялар Аралык Кеңеш — бул диалог үчүн аянтча, ошондой эле коомдо өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө багытындагы идеяларды биргелешип ишке ашыра турган мейкиндик. Бүгүнкү сыяктуу демилгелер бизге табиятты коргоо менен катар, коомчулуктар ортосундагы байланыштарды чыңдоого, ишеним жана кызматташтык атмосферасын түзүүгө жардам берет.
