top of page
DSC049577_edited.jpg

ДИНДИН ТАРЫХЫ

gold_3.png
gold_3.png
IMG_7462.PNG

Бахаи ишеними — адамзат биримдигин орнотууну негизги максат кылган жаш монотеисттик дин. Ал XIX кылымдын орто ченинде Персияда (азыркы Иран) пайда болгон. Эки жүз жылга жетпеген убакыт ичинде бахаи дини дүйнө жүзүнө жайылып, ар түрдүү улуттардын, этникалык топтордун жана диний салттардын өкүлдөрүн бириктирди.

Бахаи дининин негиздөөчүсү — Мирза Хусейн Али Нури (1817–1892), ага «Бахаулла» деген ат ыйгарылган, бул араб тилинен которгондо «Кудайдын Даңкы» дегенди билдирет. Анын жолдоочулары, бахаилер, Бахаулланы азыркы доор үчүн келген Кудайдын Жарчысы деп таанышат.

 

Бахаулланын Жазмалары жана Окуулары

Бахаи дининин негизги тексти — Китаб-и-Акдас («Эң ыйык китеп»), болжол менен 1873-жылы Бахаулла тарабынан араб тилинде жазылган. Анын аяндарында жүздөн ашык томдон турган жазмалар бар, анда дүйнөлүк цивилизациянын гармониялуу өнүгүүсү үчүн негизги принциптер жана мыйзамдар баяндалган. Бул жазмалар 800дөн ашык тилге которулган.

 

Бахаулланын окуусу адамзат биримдигинин идеясына негизделип, адилеттүүлүк, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү принциптерине негизделген келечектеги дүйнөнүн образы менен тааныштырат.

 

Бахаи дининин негизги принциптери

Бахаилер үчүн диний ишеним деген — бул жакшы иштер аркылуу чагылдырылган билим. Алар өз ынанымдарын тереңдеп түшүнүп, аларды жеке жашоосун жана коомду жакшыртуу үчүн колдонууну чыныгы диний жашоо деп түшүнүшөт.

“Улутуна же динине карабай, дүйнөдөгү бардык адамдар бир Кудайдын булагынан кубат алып, бир Кудайга сыйынышат ”. 

Бахаулла

“Силер бир дарактын мөмөсү, бир бутактын жалбырагысыңар. Бири-бириңерге ажайып сүйүү менен мамиле кылып, ынтмымакта, достукта жана өз ара эриш-аркак жашагыла”. 

Бахаулла

Бахаулланын негизги мыйзамдары инсандын руханий өнүгүүсүнө багытталган:

                •             күн сайын милдеттүү түрдө намаз окуу жана орозо кармоо;

                •             ушак айтуу, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонууга тыюу салуу;

                •             балдарга милдеттүү түрдө билим берүү;

                •             аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу;

                •             дин менен илимдин гармониясы;

                •             бейкалыс ынанымдардан, ашкере жакырчылык менен байлыктан оолак болуу.

Бахаилер саясатка кийлигишүүдөн алыс болуп, анын ордуна коомдогу жаратмандык ишмердүүлүккө басым жасашат. 

 

Кыргызстандагы бахаи дининин тарыхы

Кыргызстандагы бахаи жамааты XIX кылымдын аягында — XX кылымдын башында калыптанган. Борбордук Азия аймактары ошол убакта Чыгыш Түркстандын курамына киргендиктен, 1882-жылы Персиядан көчүп келгендер жаңы дин тууралуу билимди алып келген.

1990-жылы «Дин тутуу эркиндиги жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин бахаи дининин административдик түзүмдөрүн уюштурууга мүмкүнчүлүк ачылган. 1992-жылы Кыргызстандын Улуттук Руханий Жыйыны түзүлүп, ошол эле жылы мамлекеттик каттоодон өткөн.

 

Коомго кызмат кылуу

Бахаулланын окуусуна ылайык, татыктуу жаран — бул коомдук өзгөрүүлөргө активдүү катышкан адам. Ал кыйратуучу аракеттер менен сындын ордуна, коомду жакшыртууга багытталган жаратман иштерди жасайт. Жарандык деген түшүнүк өз ичине адилеттик, диалогдогу тең укуктуулук жана жалпы коомдун кызыкчылыгы үчүн жан аябастык деген принциптерди камтыйт. 

Бүт ыкласы Кудайга бурулган абалында үйрөнүп, кеңешип, аракет кылып жана ой жүгүртүү аркылуу, жаштар жана чоңдор бир гана өзүнүн руханий өнүгүүсү үчүн кам көрбөстөн, коомдо руханий принциптерди колдонууга чогуу үйрөнүп келишет. Мындай окуп-үйрөнүү кызмат өтөө дараметин арттырат, олуттуу социалдык өзгөрүүлөрдү жасоого жапырт катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Ар бир адам, татыктуу жаран катары, ишинде болобу, же окуусунда, коомдук иштерде биримдик идесын жайылтууга тийиш. Бахаи жазмаларында мындай деп айтылат: «Адамзатты түркүн түстүү гүл өскөн бакчага салыштырууга болот. Ар түрдүүлүктө биримдик орун алган. Ар бир гүл экинчисинин сулуулугун арттырып, өзгөчөлөнтүп турат». 

Бүгүнкү күндө бахаилер, ишенимине же чыккан тегине карабастан коомдун бардык катмарынын материалдык жана руханий өнүгүүсүнө багытталган социалдык ишмердүүлүк менен жигердүү алектенип келет. Бул аракеттер коомго кызмат өтөөгө жана терең социалдык өзгөрүүлөргө салым кошууга болгон күчтүү каалоого негизделген. Бахаилер терең ишенишет, эгер адамдар өз жашоосун жакшыртуу үчүн өзүлөрү жоопкерчиликти алса, өнүгүү сөзсүз болот. Социалдык өзгөрүүлөр – бул бир топтун экинчи топ үчүн жасаган долбоору эмес, бул – процесс, ар бир адамдын катышуусун талап кылган жана жамааттар менен жеке адамдардын гүлдөп-өнүккөн дүйнө курууга болгон жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрө турган процесс. 

Бахаилер руханий билим берүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен  коомдун өзгөрүшүнө өбөлгө түзүп келет. Коңшулары жана достору менен бирге алар балдар жана өспүрүмдөр үчүн курстарды уюштуруп, нравалык жана руханий сапаттарды өнүктүрүүгө жардам беришет, мисалы адалдык, мээримдүүлүк жана адилеттик сыяктуу сапаттарга үйрөтөт.  Чоңдор үчүн курстар ыйык тексттерге негизделип, жеке жоопкерчилик жана кызмат өтөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. 

Мындай сабактар диний ишенимине карабастан бардык адамдар үчүн жеткиликтүү, жекече да, топ менен бирге да өтсө болот. Кандай болбосун, социалдык долбоорлор аркылуу коомго кызмат кылуу жана жергиликтүү жамааттардын жашоосун жакшыртууга көрүлгөн биргелешкен аракеттер негизги маселе болуп кала бермекчи.

gold_3.png

Секретариат Национального Духовного Собрания

nsa92kg@gmail.com 

Национальный центр Бахаи Кыргызстана

Номер телефона: + 996 999 29 77 99 

Вы можете посетить Национальный Бахаи Центр по адресу: Офицерский пер., дом 5. 720014

г. Бишкек, Кыргызская Республика

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page