top of page

74 results found with an empty search

  • ВСЕОБЩЕЕ ОБРАЗОВАНИЕ И ВОСПИТАНИЕ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Жалпылуу Билим Берүү жана Тарбия Бардык адамдарда толук кандуу билим жана тарбия алууга мүмкүнчүлүгү болуш керек. «Ар бир адамга баалуу асыл таштар катылган кен сыяктуу кара. Билим жана тарбия гана бул кенден асыл байлыктарды алып чыгып, адамзатка анын пайдасын көрүүгө көмөкчү болот ». — Абдул-Баха Бахаулла ар бир балага айныксыз түрдө билим берүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. Эгерде үй-бүлөнүн финансылык же башка мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болуп, жамаат да жардам көрсөтө албаса — мындай учурда артыкчылык кыз балдарга берилиши керек. Бул эки максатты камтыйт. Аялзаты өткөн доорлордо ээ боло албаган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруу. Экинчиден, келечектеги энелерге билим берүү аркылуу — үй-бүлө жана жамаат келечек муундун жыргалчылыгына кам көрот, анткени эне — баланын биринчи мугалими жана устаты. «Эгерде тарбиячы болбосо, жан-дүйнө жапайычылыкта калмак, эгер мугалим болбосо, балдар түркөй болуп өсмөк. Ошондуктан жаңы доордун Кудай Таала түшүргөн Китебинде бала тарбиясы милдеттүү иштердин катарына киргизилген. Ата-эне балдарын камкордук менен тарбиялап, аларга билим берүүгө жана илим менен искусствого үйрөтүүгө милдеттүү». — Абдул-Баха

  • Обзор 2024 | bahai-kyrgyzstan

    Артка Алга 2024-жылга көз чабыт: Бахаи динин туткандар тынчтыкты чыңдоого багытталган аракеттерин улантышты 2024-жылга көз чабыт: https://news.bahai.org/story/1773 (Булак: Бахаи дүйнөлүк жаңылыктар кызматы) 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча коомду өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун издөө иштери уланды. Бул жолдо кайратмандык менен үмүткө толгон сансыз окуялар жарык чачты. Бахаи дүйнөлүк жаңылыктар кызматы жыл жыйынтыгын чыгарып, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү бекемдөөгө багытталган бахаи демилгелери тууралуу айтып берет.

  • Миростроительство Бишкек | bahai-kyrgyzstan

    Артка Алга Бишкектеги тынчтык куруу жумалыгы Бишкек, Кыргызстан — 12-сентябрдан 20-сентябрга чейин Ош жана Бишкек шаарларында Тынчтык күнүнө арналган эң ири форум — "Ынтымак жумалыгы" өттү. Ал тынчтык куруу чөйрөсүндө иштеген эксперттерди, коомдук ишмерлерди жана уюмдарды чогултту. Быйыл 52 уюм катышып, программанын алкагында ар кайсы чөйрөлөрдөн чакырылган эксперттер менен 59 сессия өткөрүлдү. Кыргызстандын Бахаи коомчулугу социалдык биримдикти, кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтык куруу процесстериндеги жаштардын ролу боюнча маселелерди талкуулоого өз салымын кошту. Форум биримдиктүү жана жигердүү коомду түзүүгө багытталган диалог жүргүзүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.

  • ОТКАЗ ОТ ПРЕДРАССУДКОВ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Сенек ынанымдадан арылуу Бардык түрдөгү сенек ынанымдардан арылуу керек — диний, расалык, улуттук жана саясий сенек ынанымдар адамзатты кыйнап жаткан оор азаптардын башкы себептери болуп саналат. Бул — өтө кооптуу оору, эгер убагында дарылабаса, цивилизацияны жок кыла алат. Тарыхтагы бардык кыйратуучу согуштар, кандуу кыргындар, азаптар дал ушул жаңылыш ишенимдерден келип чыккан. Бүгүнкү күндө да дүйнөнү бөлүп-жарып жаткан дин аралык жек көрүү же расалык бөлүнүүлөр ошол бойдон уланып келет. Бул бөлүнүүнүн тосмомлору жоголмоюнча, дүйнөдө тынчтык болбойт. «Бул жаңылыш ойлор адамзат үчүн кыйратуучу күчко ээ». — Бахаулла Адегенде диний сенек ынанымдарды карап көрөлү. Эгерде элдер чындап эле Кудайды урматташса, Анын зомбулукка каршы мыйзамына баш ийишмек. Кудайды сүйүү жана жарыктын булагы катары даңктаган дин жетекчилери адамдарга бири-бирин сүйүүнү жана ырайымдуулукту үйрөтүшү керек эле. Тилекке каршы, көп учурда ошол эле дин кызматкерлери согушка түрткү болуп жатышат. Диний жек көрүү — эң ырайымсыз. Бардык диндер адамдарга бири-бирин сүйүүнү, жана башкаларды айыптаардан мурда өз кемчиликтерибизди көрүүнү үйрөтөт. Өзүн ашыкча баалоодон сак болушубуз керек: биз кимбиз — башкаларды айыптоого укугубуз барбы? Биз Кудай алдында ким татыктуу экенин билбейбиз. Кудайдын ойлору — адамдын оюнан алда канча жогору. Көптөгөн ыйык деп эсептелген адамдар кийин басынган абалга кептелген — мисалы, Иуда Искариотту эске салып көрөлү же жаш кезде Ыйсаны куугунтуктаган Павел кийин Анын ишенимдүү кызматкери болуп калганы белгилүү. Ошондуктан өзүбүздү мактап, башкаларды кемсинтпейли. Токтоо бололу, жаңылыш ойлордон арылып, башкалардын бакубаттуулугу үчүн кам көрөлү. Муктаждарга жардам берели, билими жокторду окуталы, жаш балдарды чоңойгонго чейин камкордукка алалы. Кыйын абалда же ката кетирген адамды көргөндө — ага душман катары эмес, дос катары мамиле кылалы. Ага үмүт жана күч тартуулайлы. Адамдарды сырткы көрүнүшү же тегине карап баалабайлы. Эми расалык сенек ынанымдар жөнүндө. Бул — иллюзия, жалган ой. Кудай бардыгын бир эле расадан — Адамдан жараткан. Алгач элдердин ортосунда чек аралар болгон эмес; жер жүзү бүт адамдарга бирдей таандык болчу. Кудай үчүн расалардын ортосунда эч кандай айырма жок: бардык адамдар Асман Атанынын мээримине бирдей ээ болушат. Айырма — Кудайдын мыйзамына баш ийүү деңгээлинде гана: айрымдар шам же жылдыз сыяктуу жаркырашат. Адамдарды улутуна же терисинин түсүнө карабастан сүйгөндөр — эң мыкты адамдар. Дал ошолорго Кудай мындай деп кайрылат: "Мен силерге ыраазымын, Менин жакшы жана ишенимдүү кулдарым!" Кыямат күнү Ал сурабайт: "Сен англичансыңбы же перс улутунансыңбы? Батыштанбы же Чыгыштанбы?" — маанилүүсү адамдын руханий абалы. Айрымдар тынчтыкка жана гармонияга кызмат кылат, башкалар өзүмчүл жана жаңылыш ойлорго толуп, пикир келишпестиктерди пайда кылышат. Тегине же теринин түсүнө карата бөлүнүүлөр — Кудай үчүн маанилүү эмес. Анда эмнеге биз аны ойлоп чыгарабыз? Саясий жаңылыш ойлор да зыяндуу. Алар кагылышууларды жана согуштарды жаратып келет. Айрым адамдар өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн бүдөмүк сезимдерди козутуп, согуш чыгарып, жер басып алып, кан төгүүнү каалай беришет. Бирок мындай "жеңиштер" убактылуу гана. Тарыхта бирин-бири алмаштырган жеңүүчүлөр менен жеңилгендер көп (мисалы, Франция менен Германия). Бул кандуу согуштардын жыйынтыгы — эки тарап үчүн тең азап. Кудайдын образына түспөлдөш жаратылган адам эмне үчүн анда руханий билимдерди четке кагып, кыйратууну тандайт? Агартуу доорундо Кудайдын сүйүү нуру бүт дүйнөгө тарай алат. Бул нур саясатчыларды да шыктандырып, аларды сенек ынанымдардан арылтып,— адамдын алсыздыгына каршы күчтүү куралга болгон Кудайдын Саясатын жолдоого үндөйт. Кудай бүт дүйнөнү жараткан жана ар бир адамга Өз мээримин төгөт. Бардык адамдар Анын алдында тең. Сүйүү менен биримдик бөлүнүүлөрдүн жеңип чыксын!

  • Межконф совет | bahai-kyrgyzstan

    Артка Алга Конфессиялар аралык кеңештин ДИМК жыйыны 30-январда Кыргызстандын Бахаи коомчулугунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Конфессиялар аралык кеңештин жыйынына катышты. Жыйынга ДИМКнын директорунун орун басары Канат Мидин уулу, ошондой эле өлкөнүн ар түрдүү диний уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар Конфессиялар аралык кеңештин Жобосун жана 2025-жылга карата Иш-чаралар планын талкуулашты. Алар конфессиялар аралык диалогду бекемдөө, диний сабырдуулук принциптерин илгерилетүү жана кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Кыргызстандын Бахаи коомчулугу ар кандай диний ишенимдеги адамдар урмат-сый, биримдик жана жалпы гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу негизинде өз ара аракеттенген жигердүү коомду өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойт. Биз диндер аралык диалогду чыңдоого өз салымыбызды кошконубузга кубанычтабыз жана бул ишти улантабыз

  • Копия ЧТО ДЕЛАЮТ БАХАИ | bahai-kyrgyzstan

    БАХАИЛЕР ЭМНЕ КЫЛЫШАТ Бахаилер коомдук жашоого активдүү катышып, дүйнөнү жакшыртууга багытталган социалдык ишмердүүлүк менен алектенет. Алар бардык курактагы адамдар үчүн билим берүү программаларын уюштурушат, руханий жана интеллектуалдык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жардам беришет, ошондой эле өз коомдорундагы актуалдуу маселелерди чечүүгө аракет кылышат. Бахаи кызмат өтөөнүн маанилүүлүгүнө ишенишет жана ар бир катышуучу коомго пайдалуу боло турган көндүмдөрдү үйрөнүүгө умтулат. Алар экологияны коргоо, санитардык шарттарды жакшыртуу жана башка маанилүү социалдык демилгелерди жүзөгө ашыруу боюнча долбоорлорду демилгелешет. Бул аракеттер кызматташуу жана өз ара жардамдашуу духунда жүргүзүлүп, адамдар менен коомдордун потенциалын ачууга жана туруктуу өзгөрүүлөрдү жаратууга багытталган. БАЛДАР КЛАССТАР ПОДРОСТКОВЫЕ ГРУППЫ Программа нравственно-духовного образования для детей, разработанная общиной бахаи, основывается на глубоких ценностях и подходах, направленных на развитие личности и духовных качеств ребенка... МОЛОДЁЖЬ Молодежь, вдохновленная учением Бахауллы, осознает, что её энергия может быть направлена на преобразование общества. Юные люди стремятся внести свой вклад в улучшение мира, независимо от социального положения. МОЛИТВЕННЫЕ ВСТРЕЧИ Для бахаи естественной практикой является совместное чтение молитв с соседями и СОЦИАЛЬНЫЕ ДЕЙСТВИЯ Бахаи активно участвуют в социальной деятельности, направленной на содействие социальному и материальному прогрессу людей из всех слоев общества, независимо от их убеждений и происхождения. УЧАСТИЕ В ДИСКУРСАХ

  • ПОСАДКА САЖЕНЦЕВ | bahai-kyrgyzstan

    Артка Алга 2025-жылдын 3-апрели, БИШКЕК — Кыргызстандагы Бахай коомчулугу Бишкек шаарындагы Ататүрк паркынын аймагында бак-дарактын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасына катышты. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулган Кыргызстандагы диний конфессиялар аралык кеңештин иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу алкагында, ОБСЕнин Бишкек программалык кеңсеси жана экологиялык Move Green уюму колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу менен бирге диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоо жана коомчулуктун дин тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болду. Мамлекеттик органдардын жана ар түрдүү диний конфессиялардын 100дөн ашуун өкүлү иш-чарага катышып, Ататүрк паркынын аймагына 60тан ашуун көчөттөрдү отургузушту. Кыргызстандагы Диний Конфессиялар Аралык Кеңеш 2018-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда ал 17 диндик уюмдардын өкүлдөрүн бириктирет. Кеңеш жыл сайын конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урмат-сый көрсөтүү, толеранттуулук жана чыдамкайлык принциптерин жайылтуу максатында ондогон иш-чараларды өткөрөт. Диний Конфессиялар Аралык Кеңеш — бул диалог үчүн аянтча, ошондой эле коомдо өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө багытындагы идеяларды биргелешип ишке ашыра турган мейкиндик. Бүгүнкү сыяктуу демилгелер бизге табиятты коргоо менен катар, коомчулуктар ортосундагы байланыштарды чыңдоого, ишеним жана кызматташтык атмосферасын түзүүгө жардам берет.

  • ДРУГИЕ САЙТЫ БАХАИ | bahai-kyrgyzstan

    bahai.org Дүйнөлүк бахаи жамаатынын расмий сайты БУУдагы Бахаи Эл Аралык Жамаатынын Кеңсеси Бахаулланын жашоосу Бахаи эл аралык жаңылыктар кызматынын сайты Кыргыз Республикасынын Дин Иштери Боюнча мамлекеттик комиссиясы bic.org bahaullah.org news.bahai.org www.religion.gov.kg Дүйнөлүк бахаи жамаатынын расмий сайты БУУдагы Бахаи Эл Аралык Жамаатынын Кеңсеси Бахаулланын жашоосу Бахаи эл аралык жаңылыктар кызматынын сайты Кыргыз Республикасынын Дин Иштери Боюнча мамлекеттик комиссиясы Дүйнөлүк бахаи жамаатынын расмий сайты БУУдагы Бахаи Эл Аралык Жамаатынын Кеңсеси Бахаулланын жашоосу Бахаи эл аралык жаңылыктар кызматынын сайты Кыргыз Республикасынын Дин Иштери Боюнча мамлекеттик комиссиясы Дүйнөлүк бахаи жамаатынын расмий сайты БУУдагы Бахаи Эл Аралык Жамаатынын Кеңсеси Бахаулланын жашоосу Бахаи эл аралык жаңылыктар кызматынын сайты Кыргыз Республикасынын Дин Иштери Боюнча мамлекеттик комиссиясы Дүйнөлүк бахаи жамаатынын расмий сайты БУУдагы Бахаи Эл Аралык Жамаатынын Кеңсеси Бахаулланын жашоосу Бахаи эл аралык жаңылыктар кызматынын сайты Кыргыз Республикасынын Дин Иштери Боюнча мамлекеттик комиссиясы

  • ПОДРОСТКОВЫЕ ГРУППЫ | bahai-kyrgyzstan

    Балдар классы ӨСПҮРҮМДӨР ТОПТОР Жаштар Өспүрүмдөрдүн руханий дараметин ачуу программасы Өспүрүмдөр үчүн бул программа – бул бүткүл дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан кыймыл. Ал 12ден 15 жашка чейинки жаштарды ата-энелери жана коомдун башка мүчөлөрү менен биргеликте иш алып барып, өз аймактарынын жана жалпы дүйнөнүн жыргалчылыгына салым кошууга шыктандырат. Өспүрүм курак – бала кезден чоңойууга өтүүнүн маанилүү баскычы. Бул кыска, бирок маңыздуу мезгилде өспүрүмдөр физикалык, эмоционалдык жана интеллектуалдык жактан тез өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бул мезгил зор мүмкүнчүлүктөргө бай, ошондуктан программа жаш муундун таланттарын жана руханий күчтөрүн толук ачууга көмөктөшүүгө багытталган. Ар бир өспүрүмдөр тобун “алып баруучулар” (вожатый) жетектейт – бул өспүрүмдөрдөн бир аз улуу, ошол эле куракты башынан өткөргөн жаш адам. Алар өспүрүмдөргө жакын дос катары болуп, алардын руханий сапаттарын, интеллектуалдык жөндөмдөрүн жана коомго кызмат кылуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. Сабактар кандай өтөт? Өспүрүмдөр жана алып баруучулар жумасына бир жолу достук маанайда жолугушуп, атайын иштелип чыккан тексттерди окуп, маанилүү адеп-ахлактык түшүнүктөрдү изилдешет. Катышуучулар угуу, ой жүгүртүү, талдоо, чечим кабыл алуу жана ага ылайык аракеттенүү жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт. Программа өспүрүмдөрдү адеп-ахлактык түшүнүктөрдөн баштап, математика жана илим сыяктуу темаларга чейин кеңири маселелер жөнүндө ой жүгүртүүгө шыктандырат. Бул алардын окуудагы ийгиликтерине да оң таасирин тийгизет. Жакшы иштерди жасоо долбоорлору Программанын негизги бөлүктөрүнүн бири – жакшы иштерди жасоо долбоорлору. Бул долбоорлордун алкагында өспүрүмдөр алып баруучулар менен бирге өз чөйрөсүн жакшыртууга аракет кылышат. Мисалы: • короонун тазалыгына кам көрүү; • көчө дубалдарына сүрөт тартуу (муралдар); • биримдик фестивалдарын уюштуруу. 15 жаштан өткөн жаштар дагы бул программага катышып, балдар жана өспүрүмдөр үчүн сабактарды өткөрүү боюнча курстардан өтүшөт. Бул жараян муундардын байланышын бекемдейт: өспүрүмдөр тобун бүтүргөндөр кичүүлөргө сабак өтө башташат. Чыныгы мисалдар 2020-жылы пандемия маалында Токмок шаарындагы өспүрүмдөр алып баруучулар менен бирге өз аймагында 40 үй-бүлө азык-түлүксүз калганын байкашкан. Алар дүкөндөргө атайын кутуларды орнотуп, элди кайрымдуулук кылууга чакырып, азык-түлүк чогултуу долбоорун уюштурушкан. Мындайча айтканда, өспүрүмдөр өз районундагы маселелерди көрүп, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулап, чоңдор менен кызматташууга үйрөнүшөт. Бул программа өспүрүмдөрдүн руханий жана интеллектуалдык сапаттарын өнүктүрүп гана тим болбостон, коомдун жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликти сезүү сезимин да калыптандырат.

  • ВО ЧТО ВЕРЯТ БАХАИ | bahai-kyrgyzstan

    БАХАИЛЕР ЭМНЕГЕ ИШЕНЕТ Бахаилер адамзаттын биримдигине ишенишет, ар кандай улуттан же динден болбосун, бардык адамдар бир дүйнөлүк үй-бүлөнүн бөлүгү деп эсептешет. Алар руханий жана материалдык өнүгүү ажырагыс байланышта экенине ишенишип, ар бир адамдын руханий жана моралдык сапаттарын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп санашат. Алардын ишениминин негизги фигурасы – Бахаулла, ал бардык диндердин жана адамзаттын биримдиги чыныгы ишенимдин өзөгү экенин жарыялаган. Бахаилер социалдык адилеттүүлүккө, тынчтыкка жана гармонияга умтулушат, коомго кызмат кылуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү жоопкерчилиги жакшыраак дүйнө түзүүгө негизги принциптер деп ишенишет. ИШЕНИМДИН ТАРЫХЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАХАИЛЕР БАХАИЛЕР ПРИНЦИПТЕРИ

  • Бахаи Кыргызстана I Официальный Сайт

    Официальный Cайт Национальной Общины Бахаи Кыргызстана. БАХАИЛЕР ЭМНЕГЕ ИШЕНЕТ БАХАИ ЭМНЕ КЫЛЫШАТ Тарых бою Кудай адамзатка Кудайдын Көрүнүштөрү же Жарчылары деп аталган бир катар ыйык Устаттарды жиберген, алардын окуулары цивилизациянын өнүгүшүнүн негизи болуп келген. Бул Ыйык Жандар Ибрахим, Кришна, Зороастр, Муса, Будда, Иса жана Мухаммед болгон. Бахаулла, бул Жарчылардын соңкусу, дүйнөдөгү бардык диндер бир Булактан келип чыгаарын жана негизинен Кудайдан келген бирдиктүү диндин ырааттуу бөлүмдөрүн түзөөрүн түшүндүргөн. Бахаилер адамзаттын алдында турган негизги милдет – келечек коомдун бириктирүүчү көрүмүн, ошондой эле жашоонун табияты менен маанисин издөө деп ишенишет. Мындай көз караш Бахаулланын жазууларында ачылган. Адамзаттын бакубаттуулугу, анын тынчтыгы жана коопсуздугу жеткиликтүү эмес, кыйынчылыксыз орнотула албайт, эгер анын биримдиги бекем орнотулбаса. - Бахаулла ЖАҢЫЛЫКТАР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАХАИ ЖАҢЫЛЫКТАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАҢЫЛЫКТАР МЕДИА Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video Play Video

  • РЕЛИГИЯ ДОЛЖНА СЛУЖИТЬ ДЕЛУ | bahai-kyrgyzstan

    Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Дин Сүйүү менен Достукту Жайылтууга Кызмат Кылышы Керек «Дин адамдардын жүрөгүн бириктирип, жер жүзүндөгү согуштар менен касташууларды жок кылып, руханий өнүгүүгө шарт түзүп, ар бир жанга жарык жана өмүр тартуулашы керек». — Абдул-Баха Чыныгы дин — бул сүйүү менен достуктун булагы. Дин адамдардын жүрөгүн бириктирип, согуштар менен касташууларды жок кылып, руханий өнүгүүгө жол ачып, ар бир жанга жарык жана өмүр тартуулашы зарыл. Эгерде дин адамдар арасындагы жек көрүү, кастык же пикир келишпестиктерге себеп болуп калса, анда андай диндин болбогону жакшы. Андай динден баш тартуу — чыныгы динге жараша иш болор эле. Себеби дарынын максаты айыктыруу болсо, бирок ал ооруну күчөткөн таасир берсе — анда аны колдонбош керек. Сүйүү менен ынтымакка жетелебеген эч бир дин — чыныгы дин эмес. Бардык Ыйык Пайгамбарларды руханий дарыгерлер деп атоого болот — алар адамзатты айыктыруу үчүн руханий дары-дармек жазып кетишкен. Ошондуктан айыктыруунун ордуна ооруну күчөткөн эч бир дары Улуу жана Даңктуу Дарыгерден болушу мүмкүн эмес. «Бул Улуу Күнү Кудайга болгон Ишенимдин жана Анын Дининин маңызы — ар түрдүү элдер менен ишенимдер арасында душмандыкты пайда кылбоо... Диний фанатизм жана жек көрүү — бул дүйнөнү жалмап жаткан от, анын каары басылгыс... Кудайдын Дини жана Анын мыйзамы адамзаттын жыргалчылыгын жана биримдигин бекемдөөгө, адамдардын арасында сүйүү жана достукту жайылтууга багытталган. Ал кастык менен ичи тардыктын булагына айланып кетпесин». — Бахаулла

 

Улуттук Руханий Жыйындын Катчылыгы

nsa92kg@gmail.com 

Кыргызстан Бахаи Улуттук Борбору

Телефон номери: + 996 999 29 77 99 

Сиз Улуттук Бахаи Борборуна төмөнкү дарек менен бара аласыз:
Офицерский переулогу, 5-үй. 720014
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.

© 2025 Кыргыз Республикасынын Бахаи Коомчулугунун расмий сайты

bottom of page