
74 results found with an empty search
- Миростроительство Ош | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга Оштогу тынчтык куруу жумалыгы Ош, Кыргызстан — 12–13-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде өкмөт, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирген Ынтымак-2024 жумалыгы өттү. Талкуулардын негизги темасы "Тынчтыкты курууну илгерилетүүнүн жолу катары Борбордук Азия кызматташтыгы" болду. Кыргызстандын Бахаи коомчулугу "Социалдык өзгөрүүлөрдөгү жаштардын ролу" аттуу сессияны уюштурду. Анын жүрүшүндө катышуучулар кызмат кылуу жана биримдик принциптерине таянып, тынч жана ынтымактуу коомду курууга жаштар кандайча салым кошо алаары жөнүндө талкуулашты. Жоопкерчилик сезимин тарбиялоо, адеп-ахлактык лидерликти калыптандыруу жана калктын ар кандай топторунун ортосунда диалогду өнүктүрүү маселелери да козголду. Ынтымак-2024 жумалыгы аймакта тынчтыкты бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу жана чечимдерди издөө үчүн маанилүү аянтча болду.
- МЕДИА И ЛИТЕРАТУРА | bahai-kyrgyzstan
ДУБАЛАР Дүйнөлүк Адилет Үйүнүн расмий каттар БАХАИ ЖАЗМАЛАРЫ МЕДИА Писания Бахауллы Китаб-и-Агдас Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Молитвы Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Послания Всемирного Дома Справедливости Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзү ндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр Бахаулланын Жазмаларынан үзүндүлөр МЕДИА 2024 Year in Review Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Широкая перспектива (Subtitled) Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Панорама усилий длиною в сто лет Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Совершенный Пример Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied По стопам Учителя Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Восхождение света Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Раскрывая свои объятия Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Свет мира. 200-летие со дня рождения Бахауллы Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied Передовые рубежи научения Play Video Facebook Twitter Pinterest Tumblr Copy Link Link Copied
- ИЗБРАННЫЕ МОЛИТВЫ | bahai-kyrgyzstan
Адабият Социалдык иштер
- ВСЕОБЩЕЕ ОБРАЗОВАНИЕ И ВОСПИТАНИЕ | bahai-kyrgyzstan
Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Жалпылуу Билим Берүү жана Тарбия Бардык адамдарда толук кандуу билим жана тарбия алууга мүмкүнчүлүгү болуш керек. «Ар бир адамга баалуу асыл таштар катылган кен сыяктуу кара. Билим жана тарбия гана бул кенден асыл байлыктарды алып чыгып, адамзатка анын пайдасын көрүүгө көмөкчү болот ». — Абдул-Баха Бахаулла ар бир балага айныксыз түрдө билим берүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. Эгерде үй-бүлөнүн финансылык же башка мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болуп, жамаат да жардам көрсөтө албаса — мындай учурда артыкчылык кыз балдарга берилиши керек. Бул эки максатты камтыйт. Аялзаты өткөн доорлордо ээ боло албаган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруу. Экинчиден, келечектеги энелерге билим берүү аркылуу — үй-бүлө жана жамаат келечек муундун жыргалчылыгына кам көрот, анткени эне — баланын биринчи мугалими жана устаты. «Эгерде тарбиячы болбосо, жан-дүйнө жапайычылыкта калмак, эгер мугалим болбосо, балдар түркөй болуп өсмөк. Ошондуктан жаңы доордун Кудай Таала түшүргөн Китебинде бала тарбиясы милдеттүү иштердин катарына киргизилген. Ата-эне балдарын камкордук менен тарбиялап, аларга билим берүүгө жана илим менен искусствого үйрөтүүгө милдеттүү». — Абдул-Баха
- Обзор 2024 | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга 2024-жылга көз чабыт: Бахаи динин туткандар тынчтыкты чыңдоого багытталган аракеттерин улантышты 2024-жылга көз чабыт: https://news.bahai.org/story/1773 (Булак: Бахаи дүйнөлүк жаңылыктар кызматы) 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча коомду өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун издөө иштери уланды. Бул жолдо кайратмандык менен үмүткө толгон сансыз окуялар жарык чачты. Бахаи дүйнөлүк жаңылыктар кызматы жыл жыйынтыгын чыгарып, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү бекемдөөгө багытталган бахаи демилгелери тууралуу айтып берет.
- Миростроительство Бишкек | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга Бишкектеги тынчтык куруу жумалыгы Бишкек, Кыргызстан — 12-сентябрдан 20-сентябрга чейин Ош жана Бишкек шаарларында Тынчтык күнүнө арналган эң ири форум — "Ынтымак жумалыгы" өттү. Ал тынчтык куруу чөйрөсүндө иштеген эксперттерди, коомдук ишмерлерди жана уюмдарды чогултту. Быйыл 52 уюм катышып, программанын алкагында ар кайсы чөйрөлөрдөн чакырылган эксперттер менен 59 сессия өткөрүлдү. Кыргызстандын Бахаи коомчулугу социалдык биримдикти, кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтык куруу процесстериндеги жаштардын ролу боюнча маселелерди талкуулоого өз салымын кошту. Форум биримдиктүү жана жигердүү коомду түзүүгө багытталган диалог жүргүзүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.
- ОТКАЗ ОТ ПРЕДРАССУДКОВ | bahai-kyrgyzstan
Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Сенек ынанымдадан арылуу Бардык түрдөгү сенек ынанымдардан арылуу керек — диний, расалык, улуттук жана саясий сенек ынанымдар адамзатты кыйнап жаткан оор азаптардын башкы себептери болуп саналат. Бул — өтө кооптуу оору, эгер убагында дарылабаса, цивилизацияны жок кыла алат. Тарыхтагы бардык кыйратуучу согуштар, кандуу кыргындар, азаптар дал ушул жаңылыш ишенимдерден келип чыккан. Бүгүнкү күндө да дүйнөнү бөлүп-жарып жаткан дин аралык жек көрүү же расалык бөлүнүүлөр ошол бойдон уланып келет. Бул бөлүнүүнүн тосмомлору жоголмоюнча, дүйнөдө тынчтык болбойт. «Бул жаңылыш ойлор адамзат үчүн кыйратуучу күчко ээ». — Бахаулла Адегенде диний сенек ынанымдарды карап көрөлү. Эгерде элдер чындап эле Кудайды урматташса, Анын зомбулукка каршы мыйзамына баш ийишмек. Кудайды сүйүү жана жарыктын булагы катары даңктаган дин жетекчилери адамдарга бири-бирин сүйүүнү жана ырайымдуулукту үйрөтүшү керек эле. Тилекке каршы, көп учурда ошол эле дин кызматкерлери согушка түрткү болуп жатышат. Диний жек көрүү — эң ырайымсыз. Бардык диндер адамдарга бири-бирин сүйүүнү, жана башкаларды айыптаардан мурда өз кемчиликтерибизди көрүүнү үйрөтөт. Өзүн ашыкча баалоодон сак болушубуз керек: биз кимбиз — башкаларды айыптоого укугубуз барбы? Биз Кудай алдында ким татыктуу экенин билбейбиз. Кудайдын ойлору — адамдын оюнан алда канча жогору. Көптөгөн ыйык деп эсептелген адамдар кийин басынган абалга кептелген — мисалы, Иуда Искариотту эске салып көрөлү же жаш кезде Ыйсаны куугунтуктаган Павел кийин Анын ишенимдүү кызматкери болуп калганы белгилүү. Ошондуктан өзүбүздү мактап, башкаларды кемсинтпейли. Токтоо бололу, жаңылыш ойлордон арылып, башкалардын бакубаттуулугу үчүн кам көрөлү. Муктаждарга жардам берели, билими жокторду окуталы, жаш балдарды чоңойгонго чейин камкордукка алалы. Кыйын абалда же ката кетирген адамды көргөндө — ага душман катары эмес, дос катары мамиле кылалы. Ага үмүт жана күч тартуулайлы. Адамдарды сырткы көрүнүшү же тегине карап баалабайлы. Эми расалык сенек ынанымдар жөнүндө. Бул — иллюзия, жалган ой. Кудай бардыгын бир эле расадан — Адамдан жараткан. Алгач элдердин ортосунда чек аралар болгон эмес; жер жүзү бүт адамдарга бирдей таандык болчу. Кудай үчүн расалардын ортосунда эч кандай айырма жок: бардык адамдар Асман Атанынын мээримине бирдей ээ болушат. Айырма — Кудайдын мыйзамына баш ийүү деңгээлинде гана: айрымдар шам же жылдыз сыяктуу жаркырашат. Адамдарды улутуна же терисинин түсүнө карабастан сүйгөндөр — эң мыкты адамдар. Дал ошолорго Кудай мындай деп кайрылат: "Мен силерге ыраазымын, Менин жакшы жана ишенимдүү кулдарым!" Кыямат күнү Ал сурабайт: "Сен англичансыңбы же перс улутунансыңбы? Батыштанбы же Чыгыштанбы?" — маанилүүсү адамдын руханий абалы. Айрымдар тынчтыкка жана гармонияга кызмат кылат, башкалар өзүмчүл жана жаңылыш ойлорго толуп, пикир келишпестиктерди пайда кылышат. Тегине же теринин түсүнө карата бөлүнүүлөр — Кудай үчүн маанилүү эмес. Анда эмнеге биз аны ойлоп чыгарабыз? Саясий жаңылыш ойлор да зыяндуу. Алар кагылышууларды жана согуштарды жаратып келет. Айрым адамдар өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн бүдөмүк сезимдерди козутуп, согуш чыгарып, жер басып алып, кан төгүүнү каалай беришет. Бирок мындай "жеңиштер" убактылуу гана. Тарыхта бирин-бири алмаштырган жеңүүчүлөр менен жеңилгендер көп (мисалы, Франция менен Германия). Бул кандуу согуштардын жыйынтыгы — эки тарап үчүн тең азап. Кудайдын образына түспөлдөш жаратылган адам эмне үчүн анда руханий билимдерди четке кагып, кыйратууну тандайт? Агартуу доорундо Кудайдын сүйүү нуру бүт дүйнөгө тарай алат. Бул нур саясатчыларды да шыктандырып, аларды сенек ынанымдардан арылтып,— адамдын алсыздыгына каршы күчтүү куралга болгон Кудайдын Саясатын жолдоого үндөйт. Кудай бүт дүйнөнү жараткан жана ар бир адамга Өз мээримин төгөт. Бардык адамдар Анын алдында тең. Сүйүү менен биримдик бөлүнүүлөрдүн жеңип чыксын!
- МЕЖДУНАРОДНЫЕ НОВОСТИ БАХАИ | bahai-kyrgyzstan
Дүйнөдөгү жаңылыктар https://news.bahai.org/ru/story/1759/
- ЗАКОНОПОСЛУШНОСТЬ И НЕВМЕШАТЕШАТЕЛЬСТВО | bahai-kyrgyzstan
Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Мыйзамга Бой Сунуу жана Саясатка Аралашпоо Бахаи дини – сүйүү менен адилеттикке таянуу аркылуу адамзатты бириктирүүнү максат кылат, эгер бахаилер коомдо орун алган бардык мыйзамдар менен нормаларды сактап, аларды сыйлабаса, бул максатка жетүү мүмкүн эмес. Мыйзамдар коомдо тартип менен тынчтык камсыз кылууга багытталган. Мыйзамдарга каршы келген бардык иш-аракеттер баш аламандыкка алып келет жана адамзаттын көксөгөн тилегинен алыстатат. Мыйзамга бой сунуу принциби Баха дининин негиздөөчүлөрү тарабынан жарыяланып, адамдык ишенимдүүлүктү чагылдырат. Мамлекеттик мыйзамдар талап кылган шартта, бахаилар өз дининин бардык сырткы аспектилерин курмандыкка чала алышат, мисалы, административдик түзүм, жыйындарды өткөрүү, өз пикирлерин жайылтуу, мунун баарына мыйзамга баш ийүү үчүн убактылуу токтото алышат. Бирок алар ички ынанымдарынан – Кудайга болгон ишениминен, чынчылдыктан жана бардык адамдарга карата адилет мамиледен баш тарта алышпайт. Бахаилер шайлоого катыша алышат, бирок саясий партияларга кошулушпайт жана үгүт иштерине катышпайт. Себеби дин – адамдын жүрөгүнө, рухуна тиешелүү; ал эми саясат – коомдун материалдык тартибин башкарууга арналган. Бул эки багытты аралаштырууга болбойт. Диний насаатчылар саясатка аралашпоого тийиш. Алардын максаты – элдин жүрөгүнө жарык берүү, акыл-эсти өнүктүрүү, адеп-ахлактык өсүшкө көмөктөшүү жана адамзатка кызмат кылуу. Мунун баары Бахаулланын окуусуна шайкеш келет. Бахаилер – тынчтыкты сүйгөн жамаат. Алар курал көтөрбөйт. Эгер мыйзам альтернативдик кызматты сунуштаса – алар аны тандашат. Эгер мүмкүнчүлүк жок болсо – мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөшөт. Ошол эле маалда, бахаилер армиянын же тартип сактоо органдарынын бар болушу керектигин четке кагышпайт – алар коомдун коопсуздугу үчүн керек.
- Двухсотлетие | bahai-kyrgyzstan
Артка Алга Бахаулланын Эки Жүз Жылдык Мааракесин Майрамдоо 21 жана 22 октябрында 2017 жылында Анын 200-жылдык маараке Төрөлүсү Бахаулланын жашоосунан жана окууларынан шыктанган дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар белгилешти. Кыргызстанда бир нече айдан бери бахаи коому Бахаулланын эки жүз жылдык мааракесине көптөгөн досторун, үй-бүлө мүчөлөрүн, кошуналарын жана кесиптештерин чакырууга даярданды. Бир нече саат мурун Бахаулланын жашоосу жана окуулары жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган 300гө жакын конок достору менен Орто Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунун кенен борбордук залында чогулушту. Программада "Дүйнөнүн жарыгы" тасмасын көрсөтүү жана диндердин биримдиги идеясын чагылдырган көркөм бий спектакли камтылган. Кээ бир коноктор көргөн жана уккан нерселерине терең таасирленип, майрамды улантуу жана Бахаулла жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн үйдөгү досторуна кошулушту.
- Копия ВО ЧТО ВЕРЯТ БАХАИ | bahai-kyrgyzstan
БАХАИЛЕР ЭМНЕГЕ ИШЕНЕТ Бахаилер адамзаттын биримдигине ишенишет, ар кандай улуттан же динден болбосун, бардык адамдар бир дүйнөлүк үй-бүлөнүн бөлүгү деп эсептешет. Алар руханий жана материалдык өнүгүү ажырагыс байланышта экенине ишенишип, ар бир адамдын руханий жана моралдык сапаттарын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп санашат. Алардын ишениминин негизги фигурасы – Бахаулла, ал бардык диндердин жана адамзаттын биримдиги чыныгы ишенимдин өзөгү экенин жарыялаган. Бахаилер социалдык адилеттүүлүккө, тынчтыкка жана гармонияга умтулушат, коомго кызмат кылуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү жоопкерчилиги жакшыраак дүйнө түзүүгө негизги принциптер деп ишенишет. ИШЕНИМДИН ТАРЫХЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАХАИЛЕР БАХАИЛЕР ПРИНЦИПТЕРИ
- РЕЛИГИЯ ДОЛЖНА СЛУЖИТЬ ДЕЛУ | bahai-kyrgyzstan
Бахаи дининин Тырыхы Бахаи дининин Тырыхы Дин Сүйүү менен Достукту Жайылтууга Кызмат Кылышы Керек «Дин адамдардын жүрөгүн бириктирип, жер жүзүндөгү согуштар менен касташууларды жок кылып, руханий өнүгүүгө шарт түзүп, ар бир жанга жарык жана өмүр тартуулашы керек». — Абдул-Баха Чыныгы дин — бул сүйүү менен достуктун булагы. Дин адамдардын жүрөгүн бириктирип, согуштар менен касташууларды жок кылып, руханий өнүгүүгө жол ачып, ар бир жанга жарык жана өмүр тартуулашы зарыл. Эгерде дин адамдар арасындагы жек көрүү, кастык же пикир келишпестиктерге себеп болуп калса, анда андай диндин болбогону жакшы. Андай динден баш тартуу — чыныгы динге жараша иш болор эле. Себеби дарынын максаты айыктыруу болсо, бирок ал ооруну күчөткөн таасир берсе — анда аны колдонбош керек. Сүйүү менен ынтымакка жетелебеген эч бир дин — чыныгы дин эмес. Бардык Ыйык Пайгамбарларды руханий дарыгерлер деп атоого болот — алар адамзатты айыктыруу үчүн руханий дары-дармек жазып кетишкен. Ошондуктан айыктыруунун ордуна ооруну күчөткөн эч бир дары Улуу жана Даңктуу Дарыгерден болушу мүмкүн эмес. «Бул Улуу Күнү Кудайга болгон Ишенимдин жана Анын Дининин маңызы — ар түрдүү элдер менен ишенимдер арасында душмандыкты пайда кылбоо... Диний фанатизм жана жек көрүү — бул дүйнөнү жалмап жаткан от, анын каары басылгыс... Кудайдын Дини жана Анын мыйзамы адамзаттын жыргалчылыгын жана биримдигин бекемдөөгө, адамдардын арасында сүйүү жана достукту жайылтууга багытталган. Ал кастык менен ичи тардыктын булагына айланып кетпесин». — Бахаулла
